Бишкекте COVID-19ду жуктурган бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 8-сентябрга карата Бишкек шаарында COVID-19дан бир бейтап көз жумганын кабарлады.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 062 киши каза болду — алардын ичинде 265 бейтапта коронавирус лабораториялык тастыкталган. Ал эми калган 797 бейтап ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болду.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайтты.

Каза болгогондордун арасында 30-июлдагы маалымат боюнча 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 44 526 учуру катталды. Ооругандардын 40 158и илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.