Акыркы суткада коронавирустан Таласта бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 9-сентябрдагы брифингде акыркы суткада COVID-19га чалдыккан Талас облусунда бир бейтап көз жумганын билдирди. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 063 киши каза болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-августтагы брифингде коронавирус жуктуруп каза болгон 1 498 бейтаптын 29 пайызы башка себептерден улам көз жумганын билдирген.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун ичинен 437 адамдын өлүмүнө COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар себеп болгону аныкталган.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 44 613кө жетти. Жалпысынан 40 336 киши аталган илдеттен сакайды.