Баткендин башчысынын уулу Москвада алдамчылыкка шектелип кармалды

Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

Орусиянын Москва шаарынан Азиз Орозбаев кармалды. Орозбаев — Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу.

ИИМдин «АКИпресс» басылмасына билдиргениндей, 31 жаштагы Орозбаев үстүбүздөгү жылдын мартынан тарта издөөдө жүргөн. Ал Москванын Красносельск районунун милициясы тарабынан 4-сентябрда кармалган. Эми ал Кыргызстанга экстрадацияланат.

Ошондой эле Абдрахманов Орозбаев анын уулу экендигин тастыктап, анын алдамчылык фактысына тиешеси далилденсе, анын ишине кийгилишпей турганын билдирген. Мындан сырткары ал мыйзам баарына бирдей экендигин белгилеген.

Былтыркы жылдын апрель айында милицияга жеке ишкерден арыз түшкөн. Өз арызында ал аны үч киши «чет өлкөдөн эки унаа алып келип беребиз» деп алдап кеткенин жазган. Бирок акчаны бергенден кийин алар изин жашырышкан.

Мындан улам ишкер 2 млн сомдон ашуун зыян тартканы кабарланды.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө учурунда үч кишинин аты-жөнү аныкталган. Кийинчерээк алардын бири Азиз Орозбаев экендиги белгилүү болгон.

Шектүүлөр 2019-жылдын жаз мезгилинде издөөгө жарыяланган. Алардын бири кармалып, Орозбаев менен дагы бирөөнүн жүргөн жайлары аныкталган эмес. Жыйынтыгында 2020-жылдын январында Орозбаевге сыртынан «Алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылып, Биринчи май райондук соту тарабынан камоо чечими чыгарылган.

Буга чейин Бишкек ШИИБи депутат Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевди Болгариядан Кыргызстанга экстрадациялоо процесси башталганын маалымдаган. 28 жаштагы Данияр Ибраев алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн. Ал «Строймир» ЖЧКсынын башкы директору болуп турган учурда 507 млн сомдон ашуун суммага курулуш материалдарын алып келүүнү убадалап, кийинчерээк байланышка чыкпай калган.