Бишкек: Милиция ажатканада аялын сабаган кишини изоляторго киргизди. Аял арыз жазуудан баш тартты

Милиция 12-сентябрда Бишкектеги кафелердин биринин ажатканасында аялын катуу сабаган 31 жаштагы кишини кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Жабыркаган аял күйөөсүнө каршы арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 12-сентябрга караган түнү Муса Жалил менен Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде болгон. Кайгуул милициясынын кызматкерлери кафеде үй-бүлөлүк жаңжал чыкканы тууралуу чакырууга барышкан.

«Окуя болгон жерге барганда, кафенин алдында аларды уруп-сабоо тактары бар аял тосуп алып, күйөөсү сабаганын билдирген. Мындан кийин аял болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн алгач текшерүү органынын бөлүмүнө жеткирилген. Ал жолдошуна карата арыз жазуудан баш тарткан», — деп билдирет РИИБдин басма сөз кызматы.

​Бирок, Свердлов районунун милиционерлери бул фактыны КЖБРге каттап, Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады. Эгер ал киши күнөөлүү деп табылса, ага 60 миң сомдон ашык айыппул салынышы мүмкүн же 40 сааттан ашуун коомдук жумуштарга же төрт айдан ашык убакыт түзөтүү иштерине тартылышы мүмкүн.

«Күйөөм сабачу, бирок үндөбөчүмүн, анткени жакшы көрчүмүн»

Бул окуя тууралуу 12-сентябрь күнү эртең менен белгилүү болгон — «АКИпресс» басылмасы окуя болгон жерден тартылган видео жарыялаган. Ал видеодон аял кафенин алдына канжалап отурганын көрүүгө болот.

«Саламатсыңарбы! Күйөөм менен 4 жылдан бери бирге жашайм. Күйөөм көп жылдан бери мени сабап келет. Мен үндөбөйм, эч нерсе дебейм, анткени жакшы көрчүмүн. Кечээ кечинде дагы сабады — колумдун баары көгала. [...] Денемдин баарын текшергилечи», — деп суранган аял.

«АКИпресстин» маалыматына караганда, ал курбусу менен кафеде отурганда күйөөсү келип, аны ажатканага алып кирип, эшигин жаап туруп «катуу сабаган». Кафенин кызматкерлери жана кардарлары ажатканадан жардам сураган кыйкырыктарды укканда эшикти ачууга аракет кылышкан.

«Бирок жабыркаган аялдын күйөөсү аларга баары жайында деп жооп берген. Ошондо кафеге келгендердин бири эшикти сындырып кирип, киши моюнга бычак такаганын көргөн. Күбөлөрдүн айтымында, кардар ал кишини соккон, тиги болсо милиция келгичекти качып кеткен», — деп окуянын чоо-жайын келтирди басылма.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Бул күйөөсүнөн катуу кордук көргөн аялдар жолдошторун «кечирип», аларга карата азыр жазбай койгон биринчи учур эмес. Июнда соцтармактарда резонанс жараткан видео тарап, анда күйөөсү таш салынган дөңгөлөктөрдү аялына илип, камеранын алдында ага суу чачып, аны уруп турган.

Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата «Уруп-согуп кыйноо» беренеси боюнча өндүрүш башталган. Бирок кийинчерээк аялы тосмо арыз жазып, күйөөсүн кечиргенин билдирген. Июль айынын башында аялын кордогон киши шарттуу түрдө эки жылга соттолуп, сот залынан бошотулган.

Кризистик борборлордун жетекчилери аялдар чын-чынына келгенде кечиргендей гана түр көрсөтүп, кордогон күйөөлөрү менен чогуу жашоого мажбур деп «Клоопко» айтып беришкен.

Алардын айтымында, аялдар күйөөлөрүн кечиргендей гана түр кылышат, анткени алар андан ары күйөөлөрү менен бирге жашоого мажбур. Бул агрессорлордун аялдары каржы жактан алардан көз каранды болуп, өз алдынча жашап кете алышына ишенишпегени менен түшүндүрүлөт.

«Негизинен аялдардын тосмо арыз жазып калуусунун себеби, бул ошол биздин жашоо шартыбыздын эле тийгизген таасири. Аялдар эч качан кечирбейт, кечиргендей түр көрсөтүп, чогуу жашаганга аргасыз болот. Анын жүзүндө күйөөсүнө өмүр бою жылуулук болбошу мүмкүн. Бирок айласыздан ошол нерсеге барууга мажбур болот», – деди «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова.

Ошондой эле, көпчүлүк аялдар балдарынын келечегине кабатырланып, күйөөлөрү менен кайрадан жарашууга аргасыз болушат.

«Аялдар балдары “Апаң үчүн атаң түрмөгө отурган” деген сөз угушун каалашпайт, ошондуктан тосмо арыз жазышат. Алар өздөрүн ойлошпойт», — дейт «Каниет» реабилитациялык борбордун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова.

ТЕМА БОЮНЧА ОКУҢУЗ: «Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?