«Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездинен тартылган сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрдагы жыйынында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер Кылычбек Исмамбетовго 7500 сом айып салды.

БШКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, буга чейин Жусупов аттуу жаран «Мекеним Кыргызстан» үгүт жүргүзүүдө мыйзам бузуп жатканын айтып, ага чара көрүүнү Боршайкомдон суранган. Ага ылайык, партия Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөргө карабай концерт уюштурган.

Боршайкомдун жыйынына катышкан «Мекеним Кыргызстан» өкүлү Таалайкүл Токтакунова менен талапкерлердин бири Канатбек Азиз партиянын жетекчилиги концерт тууралуу билген эмес деп ишендирди. Алар болгону иш-чараны талапкерлердин бири Исмамбетов уюштуруп жатканы боюнча маалымат болгонун айтышты.

Ошентип Боршайкомдун жыйынында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Кылычбек Исмамбетовго гана «Үгүт иштеринин шарттарын бузуу» беренеси боюнча айып салынды.

Кылычбек Исмамбетов «Бирик» партиясынын лидери. Алар шайлоо алдында «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен бириккен.

«Мекеним Кыргызстан» партиясына буга чейин да үгүт иштерин бузганы үчүн эскертүү берилген. Ырчы Бек Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» аттуу ырына тартылган клипте «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эмблемасы колдонулуп, ал үгүт иштери башталганга чейин соцтармактарда жарыяланып кеткен. Ырчыга БШК үгүт эрежелерин бузганы үчүн 7500 сом айып салган. Борбиев партия менен шайлоого аттанбаганы менен анын съездине катышкан.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Матраимовдордун үй-бүлөсү тийиштиги бар экени айтылып келет. Ал эми депутат Искендер Матраимов дал ушул партия менен шайлоого аттанды. Эл өкүлү Матраимовдун иниси, бажы башчысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP уюму тарабынан даярдалган Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу иликтөөдө аталган.