«Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» Аравандагы тиреши: Тараптардын версиялары

Араван району

Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүндө 20-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт иш-чарасы учурунда аталган партия менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда чыр чыкты.

Ал массалык мушташка айланып, 13 киши ооруканага кайрылды — анын алтоосу Араван аймактык, бирөөсү Ош шаардык ооруканасына жаткырылды. Алты кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө коё берилди. Ошондой эле 5 унаа талкаланып, учурда зыяндын өлчөмү эсептелип жатат.

«Клооптун» журналисттери чырдан жабыркаган тургундар менен маектешип, тараптардын версияларын укту.

«Мекеним Кыргызстандын» тарапташтарынын версиясы

Мухриддин Алимов

Ооруканада баш мээси чайкалып, мурду жана башынан ачык жаракат алып жаткан Мухриддин Алимовдун айтымында аны «Биримдиктин» тарапташтары жүйөөсүз сабашкан.

Алимов өзү массалык мушташка да, үгүт иш-чарасына да катышпаганын, ооруканага түшкөн атасына баратканда сабалганын айтат. Топ балдар анын унаасын да талкалашкан.

«Ооруканага бурулган жолдо 50-60тай бала күтүп турган экен. Унаамды токтотконго да үлгүргөн жокмун. Көптөп салышты. Бир портерде толтура таштар, колдорунда биталары бар болчу», — дейт ал.

Моминжон Алимов

Алимовдун атасы Моминжон Алимов «Мекеним Кыргызстандын» Юсупов айыл өкмөтүндөгү штабын жетектейт. Ал мушташка айланган үгүт иш-чарасына катышып, ооруканада мээси чайкалып жана мурду сынып жатат.

«Биз чогулуш өткөрүп жаткан жерге келишип, ошол жерде турушту. Анан кандидаттын жанына барып туруп алышты эле, биздикилер “балдар качкыла, наркы жакка барып тургула, тосколдук кылбагыла” деп айткандан кийин [мушташ] башталып кетти. Аны [тоскоолдук кылып жаткан баланы] бул жакка тартып алып чыгып койгондон кийин, башка тууган-уруктары келишти да, бир баланы башына ургандан кийин массалык уруш болуп кетти. Ооба ошолордун бардыгы Файзуллаевдин туугандары. Өзүнүн бир туугандары бардыгы», — деп түшүндүрдү Алимов.

Ал учурда үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна сарсанаа болуп жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылаарын билдирди.

«Бул чыныгы талкалоо. Эч кандай конфликт болгон эмес эле да. Көчөдө көрүнгөндү тосуп, бир канча унааларды талкалашты. Мен дагы коопсуздугум үчүн бир аракет кыла турган болсом мага да мыйзам чегинде жаза бар да. Ошон үчүн эми тиешелүү жерлерге кайрылабыз. Биз моралдык жана материалдык зыян тарттык», — деди ал.

Мурдатан болгон тиреш

Ооруканада жаткан Зубайдулло Файзуллаев

Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Шукирилло Файзуллаев «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого катышууда. Ал тизмеде 74-орунда. Ал эми үгүт иш чарасын өткөргөн Ильхом Маннанов «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде 33-орунда катталган.

Мушташка Файзуллаевдин инилери Зикирулло, Зубайдулло Файзуллаевдер да катышкан. Экөөнүн тең баш мээси чайкалып, бирөөнүн мурду, экинчисинин бармагы сынып ооруканада жатат.

Ага-инилердин бири Зикирулло Файзуллаев аларды «Мекеним Кыргызстандын» балдары урганын гана айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Анткен менен окуядан кийин «Биримдик» агитациялык иш-чараларда партиялардын өкүлдөрү чагымчылдык билдирүүлөрдү жасабашы керектигин белгиленген.

Ал эми «Мекеним Кыргызстандын» тарапташтары эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы тиреш мурдатан эле болгонун айтышат.

«Бизге каршы келе жатышканына 5-6 жылдын жүзү болду. Мен буга чейин Орусияда болгондуктан, алардан келтек жебеген бир эле мен калдым эле. Мындан мурда инимди себепсиз урушкан. Эмнеге уруп жаткандарын сурасаң жүйөөлүү себептери жок. Жөн гана бизди жаман көрүшөт», — дейт Мухриддин Алимов.

Аймактык оорукананын дарыгери Мамадияр Авазали уулу ооруканадагы алты бейтаптын баарынын мээси чайкалганын белгилеп, абалдары орто экенин айтты.

Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев мушташка катышкан 30 жаран суракка алынып, алардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

«Дагы эки жаранды убактылу кармоочу жайга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Тергөө тарабынан жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деди ал.

Эки партия тең мушташ чагымчылдардын айынан чыкканын айтты, бирок эки партиянын тарапташтарынын ортосунда тиреш Араванда мурдатан болгонун тастыкташкан жок.

Чырдан соң Араван РИИБинин жетекчиси кызматынан алынып, ИИМ окуя боюнча иликтөөнү баштады. Премьер-министр Кубатбек Боронов болсо күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи. Окуяга президент да көңүл буруп, өкмөттүн позициясын колдоого алаарын билдирди.

Акыйкатчы Токон Мамытов Аравандагы окуяны укук коргоо органдары алдын алууга тийиш болчу деген пикирде. Ош ОИИБиден «Мекеним Кыргызстан» партиясы аларга жолугушуу өткөрүү боюнча кабарлаган эмес деп айтышууда.