Ысык-Көл: «Социал-Демократтардын» баннеринин үстүнө «Мекеним Кыргызстандын» кагаздары чапталды

Сүрөт Рита Борбукееванын Фейсбук барагынан алынды

«Социал-Демократтардын» Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылына илинген баннери булганды. Андагы №9 деген жазуунун үстүнө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кагаздары чапталып, сан көрүнбөй калган. Бул тууралуу партиянын активдүү мүчөсү Рита Борбукеева Фейсбук барагына жазды.

Ал «Клоопко» окуяга бүгүн, 22-сентябрда күбө болгонун айтып, аймактык шайлоо комиссиясына бул окуяны мыйзам бузуу катары каттоо боюнча оозеки кайрылганын билдирди.

«Агитаторлор менен ушундай окуяга күбө болдук. Биздин баннердин үстүнө чапталган "Мекеним Кыргызстандын" наклейкаларын тазаладык. Бул боюнча ошол жактагы өкүлүбүзгө тийиштүү жактарга кайрылууну тапшырдык», — деди ал.

Борбукеева бир партиянын экинчи партиянын үгүт иштерине бут тосуусу көп эле катталып жатканын айтты. Анткен менен аларды кимдер жасаганы билинбей калып жатканын белгиледи. Бирок Булан-Сөгөтүдө болгон окуя кимдер тарабынан жасалганы айдан ачык экенин кошумчалады.

БШК төрайымы Нуржан Шайдылдабекова!Калайык калк!Ысыккөлдөгү " Мекеним Кыргызстан" партия өкүлү ким?Мага жооп...

Posted by Rita Borbukeeva on Monday, September 21, 2020

«Мекеним Кыргызстан» партиясына буга чейин үгүт иштерин жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча бир нече ирет эскертүү берилип, айрым кишилерге айып пул салынган. Мисалы, ырчы Бек Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» ырына тартылган клипте аталган партиянын логотиптери жайгаштырылып, ал үгүт иштери башталганга чейин соцтармактарда тарап кеткен. БШК муну мыйзам бузуу деп санап, ырчыга 7500 сом айып салган.

Андан сырткары партиянын Кара-Суудагы үгүт иштери маалында райондун имамы бата берген. Бирок шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дин өкүлдөрү үгүт иштерине катыша албайт. Ошондой эле, үгүт иштери учурунда концерт коюп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан партиянын агитациялык иш-чарасы концерт менен коштолгону маалым болгон.

«Социал-демократтар» партиясы Алмазбек Атамбаевдин балдарына таандык. Партия Юстиция министрлигинен 2019-жылдын декабрында каттоодон өткөн. Анын курамына КСДПнын айрым мүчөлөрү дагы кирген. Себеби, Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин партиянын ичинде түшүнбөстүктөр чыгып, мүчөлөрү экиге бөлүнгөн. Атамбаевди жактагандар «Социал-демократтардын» катарын толуктаган. Ал эми мурдагы президентке каршы болгондор партиядан чыгып, айрымдары эски партияда калышкан. Аныгында КСДПны 1993-жылы Алмазбек Атамбаев негиздеген.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдордун кланына таандык деп келишет. Аталган партия менен парламенттик шайлоого Искендер Матраимов, «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фондусунун иштеринде көрүнгөн жана Матраимовдордун «пайдасына» бир катар журналисттик контриликтөөлөрдү жасаган Элнура Алканова менен аталган үй-бүлөнүн укуктарын сотто коргогон Канатбек Азиз дагы аттанууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орун үчүн 16 партия ат салышууда.