Араван: «Мекеним Кыргызстан» экинчи жолугушуусуна 500дөн ашуун кишини чогултту

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов 22-сентябрда Ош облусундагы Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен экинчи жолугушуусун өткөрдү. Ага 500дөн ашуун адам келди.

Жолугушуу аталган райондун маданият үйүндө өтүп, ага Маннанов менен бирге партиянын талапкери Элнура Алканова да катышкан.

Пандемияга байланыштуу өкмөт адамдарды массалык түрдө чогулбоого чакырып, чогулгандардын саны 50дөн ашпаш керектигин айтууда. Ошондой эле санитардык талаптарды сактоо максатында той-маарекелерге тыюу салынган.

Бирок партиялар санитардык нормаларды сактабай эле үгүт жыйындарын өткөрүп жатышат. Аралык сакталбай, беткапсыз отурган шайлоочулардын үгүт-жолугушуу учурундагы сүрөттөрүн партиялардын расмий баракчаларынан эле көрүүгө болот.

ИИМ ички иштер органдары тарабынан санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо боюнча рейддер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бардык региондордо жүргүзүлүп жатат деп ишендирүүдө. Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашибаев партияга көп адам чогултканы үчүн эскертүү берилет деп убадалады.

«Мекеним Кыргызстандын» үгүт иш-чарасындагы жаңжал

Буга чейин 20-сентябрда аталган айыл өкмөттө өткөн жолугушуу учурунда «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда чыр чыгып, ал массалык мушташка айланган.

Алгач мушташтын чыгышына үгүт иш-чарасын өткөрүп жаткан Маннанов башка партиянын талапкерин «жамандап койгону» себеп болгону айтылган.

Чырдан улам 13 киши ооруканага кайрылып — анын алтоосу Араван аймактык, бирөөсү Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, алты кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген. Ошондой эле 5 унаа талкаланган.

Окуядан соң Араван РИИБинин жетекчиси кызматынан алынып, ИИМ окуя боюнча иликтөөнү баштаган. Премьер-министр Кубатбек Боронов болсо күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеп, президент да өкмөттүн позициясын колдоого алаарын билдирген.

Жабырлануучулар болсо Араванда эки партиянын тиреши мурдатан болуп келгенин айтышты. Бирок партиялар муну моюндашпай, уруш чагымчылдардын айынан гана чыкканын айтышкан.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми «Биримдик» саясий партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар.

ТЕМА БОЮНЧА: «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» Аравандагы тиреши: Тараптардын версиялары