Кара-Суу, Асылбек Жээнбеков жана «элди басмырлап турган район». Эмне болуп жатат?

Фейсбуктагы «Аргументы жана маяне» аттуу тайпада 21-сентябрда «шайлоонун шайтан оюндары күч алып баратат» деген аталыш менен видео жарыяланды. Анда чогулгандарга кайрылган киши «Биримдик» саясий партиясы «бийликчил» экенин айтып, президенттин иниси «Асылбек Жээнбеков» шайлоо бүткүчө Кара-Сууда болоорун белгилеген.

«Эгер ким бизге каршы чыкса, анда бизге жалпы каршы чыккан болот. “Биримдик” партиясы бийликтин партиясы: Төрөбай Зулпукаров, Улукбек Кочкоров, Асылбек Шарипович баары ушул партияда. Кара-Суу өтө “важный” болгон үчүн, элди ушундай бир “басмырлап” турган район болгон үчүн Асылбек Шарипович өзү жеке ушул жерге келип, шайлоо бүткүчө ушул Кара-Сууда отурат. Биз бийликтин партиясыбыз. Биз кудайдан коркобуз, башка эч кимден коркпойбуз», — деп сүйлөгөн видеодогу эркек киши.

Шайлоонун шайтан оюндары күч алып баратат.

Шайлоонун шайтан оюндары күч алып баратат. Бийликчил "Биримдиктин" шайы оой баштады. Көп жерлерде башка партияларга алдырып койоруу азыр эле билинип калды. Баткенде "бүтүнгө", Ошто "мекенимге", Жалал абадда "мекенчил" күч, түндүктө - "республика" менен "Кыргызстан" кырып атат. Акыркы маалыматтар боюнча эки областай калкы бар Кара-Суу районуна катуу басым жасап - ал жердеги штабды Асылбек Жээнбеков өзү башкара турган болуптур. Төрө Ноокатта отурат экен. Ар райондон мамкызматтагы тың чыкмалары дагы кичи мекендерине айдалыптыр. Тапшырма – “Биримдике” биринчиликти алып бериши талап. Админ ресурс аябай эле катуу колдонулуп жатат... как бы боком не вышло.

Posted by Аргументы жана маяне on Sunday, September 20, 2020

«Биримдик» саясий партиясынын басма сөз кызматынан эки күн бою аталган тасма тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Клооп» басылмасы тургундарга кайрылуу жасаган киши «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер Төлөнбай Нурбаев деп божомолдоп жатат. Анткени Нурбаев менен тасмадагы кишинин жүзү, чач жасалгасы абдан окшош.

Төлөнбай Нурбаев деген ким?

Төлөнбай Нурбаев

Төлөнбай Нурбаев «Биримдик» партиясынын тизмесинде №118 орунда турат. Ал «Media-center.kg» басылмасына курган маегинде Кара-Суу районунда туулгандыгын жана учурда эки завод, бир фабрикага ээлик кылаарын айткан.

Ошондой эле, ал жеке ишкерлигин баштаганга чейин миграцияда көп убакыт бою жүргөнүн белгилеген. Нурбаев 2012-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министринин түштүк региондор боюнча орун басары болуп эмгектенген.

Нурбаев өз сөзүндө Ош облусунун Кара-Суу району «маанилүү» болуп саналаарын айткан. Анткени аталган аймактын 440 миңден ашуун калкы бар. Бул Талас менен Нарын облусунун калкынын санынан да көп, дээрлик Ысык-Көл облусунун калкы менен барабар.

Кыргызстанда таасирдүү делген эки клан бар. Алар Матраимовдор менен

Жээнбековдордун үй-бүлөсү. Жээнбековдор кланынан шайлоого депутат Асылбек Жээнбеков «Биримдик» партиясы менен катышууда. Ал тизмеде №27 орунда. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Аталган партия «бийликчил» деп саналат.

Матраимовдор Кара-Суу районунан болот. Ушул үй-бүлөгө тиешеси бар экени айтылган «Мекеним Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоого катышууда. Матраимовдордун арасынан эң эле белгилүүсү бул — бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов.

Кара-Суу районун ага-ини Матраимовдордун бири Тилек башкарып келет. Матраимов аталган кызматка 2012-жылы дайындалган. Буга чейин соцтармактарда Тилек Матраимов «иштен кетүү тууралуу арызын жазды» деген маалыматтар тараган. Бул эл арасында Жээнбековдор менен Матраимовдордун арасында тиреш башталды деген сөздөрдөн кийин айтылды.

Анткен менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов бул маалыматты төгүндөп, ал бир айлык эмгек өргүү алганын айтты. Матраимов өзү «Турмуш» басылмасына шайлоо алдында, 24-сентябрь күнү, эмгек өргүүсүн алганын ырастаган. Анын себебин ден соолугу менен байланыштырган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Эксперттердин божомолунда, бул шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» — негизги аттандаш.

«Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» тиреши

Үгүт учурунда эки партиянын тарапташтары буга чейин да мушташып, бири-бирин айыптап жүргөн учурлар да болгон. Мындан сырткары социалдык тармактарда эки тараптын фейк-аккаунттары бири-бирин сындап келишет.

20-сентябрда Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө «Мекеним Кырызстан» менен «Биримдиктин» ортосунда болгон чырдын кесепетинен эки талапкери — Ильхом Маннанов и Шукирилло Файзуллаев — шайлоодон четтетилген.

КСДП фракциясынын депутаты Маннанов «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде 33ү, ал эми Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Файзуллаев «Биримдиктин» 74ү орунду ээлеп келген.

Массалык мушташтан улам 13 адам жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Ошондой эле, беш унаа талкаланып, учурда келтирилген зыян эсептелип жатат. Кийинчерээк Маннанов менен Файзуллаев бир-биринен кечирим сурашкан.

Милиция бул окуя боюча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүруштү баштап, алты шектүүнү аныктады. Шектүүлөрдүн бешөө тергөө изоляторуна киргизилди, дагы бир адам ооруканада калууда.