Баткенде чек ара кызматкери УКМКнын өкүлүнө пара берип жатканда кармалды

Сүрөт: УКМКнын расмий сайтынан алынды

Баткен облусундагы «Кулунду» чек ара заставасынын 28 жаштагы башчысы УКМКнын кызматкерине 40 миң сом пара берип жаткан учурда кармалды.

«Кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн акча каражатын сунуш кылган», — деп жазылат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө.

Аталган факт Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин 14-сентябрда УКМК Ош облусундагы Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Жанышбек Аширов пара алып жатканда кармалганын кабарлаган. Судьянын пара талап кылганына даттанган жаран ага карата оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылганын айткан.

Бирок паранын өлчөмү канча болгону белгисиз, ал эми атайын кызмат жарыялаган сүрөттөрдө бир нече 100 АКШ долларынын көчүрмөлөрүн көрүүгө болот.

Ошондой эле Өткөн жылдын октябрь айында УКМК Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармаган. Шектүү «оң чечим чыгаруу үчүн» жалпысынан 100 миң сом опузалаган. Президент Сооронбай Жээнбеков аталган судьяны февраль айында ээлеген кызматынан бошоткон.