Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу, «Социал-демократтар» партиясынан талапкер Кадырбек Атамбаев журналист Лейла Саралаевага интервью берип, буга чейин коомдо катуу талкууга алынган окуялардын жаңы жагдайлары боюнча айтып берди.
Ал КСДПнын тарап кетишине кимдер себепкер болгону, Атамбаев президент болуп турганда Жалал-Абад, Ош, Баткендеги кадр маселелерин чечүүнү кимге ишенип тапшырганы жана Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов чындыгында кимдин кишиси болгону боюнча пикирин билдирген.
Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги кадр маселесин чечкен «үчөө»
Атам айрым кадр маселелерин кол алдындагыларга ишенип берген. Кадр маселесинде Илмияновдун күнөөсү бар. Анткени ага атам ушул маселени ишенип тапшырган. Өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда. Бул аймактагы кадр маселесин жалгыз гана Илмиянов чечкен эмес. Ал бул маселелерди Сооронбай Жээнбеков менен чогуу чеччү. Асылбек Жээнбеков ал кездерде Жогорку Кеңештин төрагасы болчу, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору эле. Андыктан түштүк аймактагы кадр маселесин дал ушул үчөө чеччү десем туура болот.
КСДПны ыдыраткандар тууралуу
Кадыр Атамбаев Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын ыдырап кетишине дагы дал ушул үч адамды — Сооронбай Жээнбековду, Асылбек Жээнбековду жана Икрамжан Илмияновду айыптаган.
«КСДПнын өзөгү негизинен Икрамжан Илмияновдун, Асылбек менен Сооронбай Жээнбековдун айынан ыдырап кетти», — деди ал.
«Илмиянов башынан эле Жээнбековдордун кишиси болгон»
Ал ошондой эле, журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, Икрамжан Илмиянов башынан эле Жээнбековдордун кишиси болгонун белгиледи.
«Икрамжан Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун кишиси болгон деп ойлойм. Биздин партиянын катарындагылар кандай азап тартып жатканын карагылачы. Ошол эле Сапар Исаков, Фарид Ниязов кыйналды. Бирок Икрам Илмияновго келгенде абал башкача болду. Ал бат эле түрмөдөн чыгып кетти», — деди ал.
Кадыр Атамбаев Илмияновго байланышкан дагы башка нерселерди анализдеп көрүшкөнүн жана ал эч убакта Атамбаевдин кишиси болгон эмес деп азыр тыянак чыгарып жатышканын кошумчалады.
Алмазбек Атамбаевдин башка уулу Сейтек Атамбаев буга чейин берген маегинде атасынын эң жакын баласы «Сатардын уулу Икрамжан» болгонун айткан болчу.
Бийлик Икрамжан Илмияновго каршы 2018-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Илмиянов жети берене боюнча шектелген. Кийин анын мүлкү конфискацияланып, 5,5 жылга эркинен ажыратылган жана ага 800 эсептик көрсөткүч боюнча айып салынган. Бирок кийин анын жаза мөөнөтү мунапыс менен кыскартылган. Эми ал 2021-жылдын 1-декабрында эркиндикке чыгышы мүмкүн. Азыр ал кардиологияда дарыланып жатат.
Сооронбай Жээнбеков менен Райымбек Матраимовдун эски байланышы
Кадыр Атамбаев Райымбек Матраимовдун ысымы атасы президент болуп турганда коомчулукка белгисиз болгонун айтып, качан гана ал бийликтен кеткенден кийин билине башталганына токтолду. Ал ошондой эле Сооронбай Жээнбеков менен Райымбек Матраимовдун өтө тыгыз мамилеси шек жарата турганын биринчилерден болуп айтып чыкканын белгиледи.
«Райым Матраимов бажыга [Түштүк-батыш бажысынын төрагасынын орун басарлыгына] Cооронбай Жээнбеков губернатор кийин премьер-министр болуп туранда дайындалган. Конституция боюнча бажы сыяктуу кызматтарга кишилерди дайындоодо премьер-министр менен макулдашылат. Ошол учурда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болчу», — деди ал.
Кадыр Атамбаев андан сырткары ошол кездеги УКМКнын Оштогу башчысы менен Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге ал жакта болуп жаткан окуялар тууралуу жана «тайраңдап жүргөн» Матраимов боюнча ыкчам маалымат беришпегенин кошумчалады.
«Жээнбеков Матраимовду кызматтан албоо керектигин түнү бою жалбарып чыккан»
Атамбаев атасы Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу жана алардын таасири боюнча эжеми менен чыр-чатак чыккандан кийин сүрүштүрө баштаган деп ишендирүүдө. Буга укук коргоо органдары жаңжал боюнча мургады президентке маалымат жетпесин деп бардык аракеттерди көргөнү түрткү берген дейт.
Үй-бүлөлүк майрамдардын биринде атам өз кызынын дене-башы көгала болгонун көрүп, андан эмне болгонун сураган. Андан улам-улам сурап жатып чындыгында эмне болгонун билген. Менин эжемди Райымбек Матраимовдун туугандары сабаптыр. Атам болгон окуяга аябай тынчсызданган, анткени анын кызын сабап кеткени боюнча анын кабары жок болчу.
Атам ошондой эле, бул маалыматты ага жеткирүүгө кыздары аракет кылганын билип, бирок анын айланасындагылар, укук коргоо органдары бул маалыматтар ага жетпегидей кылып бардык аракеттерди көргөн. Анысы аз келгенсип Матраимовдун туугандары бул мамлекетте чыныгы кожоюндар алар экенин айтканын билген. Ушул окуяны атамдан жашырып коюшкандыктан, атам анын жообун табууга аракет кылып, Райымбек Матраимовдун артында кимдер турганын билгиси келген.
Матраимов деген ким? Эмне үчүн анын туугандары мынчалык «наглый»? Ал бул киши тууралуу маалыматтарды сураган. Маалыматты алгандан кийин Түштүк-батыш бажысында абал курч экенин билип, ал учурда президент болгонуна карабай буга Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковдун чара көрүүсүн тапшырган.
Бирок Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовду коргоп баштаган. Сапар Исаков бул кишини кызматтан алуу тууралуу чечим кабыл алганда Сооронбай Жээнбеков Матраимовду кызматтан албоо керектигин түнү бою жалбарып чыккан. Ага иштөөгө ураксат берүүнү сураган. Мунун жыйынтыгы эмне болду? Сапар Исаков түрмөдө, Фарид Ниязов түрмөдө, атам темир тор артында отурат. Ал эми Жээнбековдун туугандары Матраимовдордун партиясы менен шайлоого аттанып жатат.
Матраимовдордун үй-бүлөсү жана журналисттик иликтөө
Быйылкы парламенттик шайлоого Матраимовдордун кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы дагы катышууда. Анын катарында депутат Искендер Матраимов дагы бар. Ошондой эле, буга чейин Матраимовдорго тиешелүү бир катар иштерде аты аталган кишилер да бар. Мисалы Матраимовдорду сотто коргогон адвокат Канатбек Азиз жана журналист Элнура Алканова бар.
2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.
2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.
Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн бажы башчынын мурдагы орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөнүн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.
Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.
Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.
Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.