ЖАМК: Илмиянов кардиологияда дарыланып жатат

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы 21-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканада жатканын билдирди.

«Ал Бишкекте кардиология бөлүмүндө дарыланып жатат, ал жакка стационардык дарылануу үчүн жаткырылган», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Икрамжан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак-абагына которулган.

2019-жылдын октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту Илмияновду «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга соттогон. Мындан тышкары, Илмияновго 160 миң сом айыппул салынган.

Илмиянов өзү акыркы сөзүндө өзүнө каршы айыпты «негизсиз» жана «далилсиз» деп атаган.

Бийлик Икрамжан Илмияновго каршы 2018-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Илмиянов жети берене боюнча шектелген. Алардын арасында «Алдамчылык», «Ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана башкалар. УКМКнын маалыматы боюнча, кылмыш иши козголгондон кийин Илмиянов өлкөдөн чыгып кеткен, бирок кийин ал кармалып, Кыргызстанга алып келинкен. Илмиянов сотто өлкөгө өз эрки менен кайтып келгенин билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы президенттик штабынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, 2017-жылдын августунда, «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» жана «сый акы» түрүндө 150 миң доллар алган.

Илмиянов 2009-жылы Атамбаевдин жеке айдоочусу, ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин жардамчысы болгон. 2011-жылы Атамбаев президент болуп турганда президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына дайындалган. Аталган кызматтан аны «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратын басып алууга айыпташкандан кийин 2015-жылы кеткен. Андан кийин Илмиянов Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.

Икрамжан Илмиянов Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда таасирлүү адам болгон. Депутат Жанар Акаевдин айтымында, Икрамжан Илмиянов парламентти тескеп, депутаттар мыйзам долбоорлору боюнча кандай добуш бериши керектигин айтып турган.

Илмиянов менен Атамбаевдин жакын экендиги тууралуу мурдагы президенттин уулу Сейтек Атамбаев да айткан.

«Эң ишенимдүү адамдары — шоопур Икрамжан Илмиянов, Болот Сүйүнбаев, Фарид Ниязов. Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдор экинчи планда болчу», — деп айтып берген ал.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, Илмияновго мунапыс колдонгон. Мурдагы аткаминер мүлкүн конфискациялоо менен 5,5 жылга эркинен ажыратылган жана ага 800 эсептик көрсөткүч боюнча айып салынган.