Ысык-Көл облусунда COVID-19дан дагы бир бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт 

Республикалык штаб 3-октябрда Ысык-Көл облусунда коронавирустан бир бейтап көз жумганын кабарлады.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 066 киши каза болду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун 437синин өлүмүнүн негизги себептери COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар болуп чыккан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен 83 медкызматкер көз жумган. Кыргызстанда 30-июль пандемия маалында көз жумгандардын элесине арналып Улуттук аза күтүү күнү болуп белгиленген.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 47 184 учуру катталды. Ооругандардын 43 278и илдеттен сакайды.