Видео: Актер Бектемир Мамаюсуповго бюллетенди сүрөткө тартканы үчүн акт түзүлдү

Актер Мамаюсупов Бектемир сфотографировал свой бюллетень чтоб получить за это деньги. ? Это только в фильме Салам Нью Йорк он болеет за страну .

Posted by БеспределKG on Sunday, October 4, 2020

Социалдык тармактарда актер Бектемир Мамаюсупов Бишкектеги шайлоо участокторунун биринде бюллетенди сүрөткө таркан видеосу пайда болду. Мамаюсуповдун аракетин байкоочу көрүп калып, бюллетенди сүрөткө тартууга тыюу салынганын эскерткен

«Бул жерде сүрөткө тартууга мүмкүн эмес. Тартып жатат. Өчүрбөңүз. [Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын] чакырып коюңуздарчы», — деген байкоочу.

Ал эми актер сүрөттү өчүрүп салууга үлгүргөн. «Мен өзүм үчүн тарткам. Болду, болду өчүрдүм. Мен билген жокмун», — деди ал.

Анда байкоочулардын бири «мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт» деп белгилеп акт түзүү үчүн актердон паспортун берүүнү суранган.

Ал эми Мамаюсупов тасманы жүктөгөн «Беспределдин» баракчасында «мындай акчага муктаж эмес экенин» жана бул сүрөттү интернетке жүктөгөнү жатканын айткан.

Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар түзгөн актта Мамаюсупов добушун «Мекеним Кыргызстан» партиясына бергени аныкталган.

Актер Бектемир Мамаюсупов «Салам, Нью-Йорк» киносунда башкы ролдо ойногону менен белгилүү. Ошондой эле ал «Мекен» толук метраждуу көркөм тасмасында башкы каармандардын бирин ойногон — ал фильм Ютубда дээрлик 1,5 млн жолу көрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

LIVE: Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшү