Видео: Ошто шайлоочуга «Биримдикке» белги коюлган бюллетен берилгени аныкталды

«Т-Медиа» басылмасынын журналисттери Ош шаарындагы №5551 шайлоо участогуна барып, ал жерде шайлоочуга алдын ала белгиленген бюллетень берилгенине күбө болушту.

«Биримдикке» алдын ала белги коюлган бюллетень шайлоочуга аймактык шайлоо комиссиясынын кызматкери тарабынан берилген. Шайлоочу бюллетенди урнага салууну көздөгөндө «Т-Медианын» журналисти аны токтотуп калган.

«Эмне үчүн бул жерде “Биримдик” партиясы белгиленип калган?», — деп суроо салган журналист кызматкерлерге.

Ал эми бюллетенди берген аял «Белгини башка кагазга койгом деп, бул жакка коюп алыпмын деп, азыр башкага алмаштырып берем» деген.

Кийинчерээк журналист калган бюллетендерди текшерип чыккан, бирок алар алдын ала белгиленген эмес болуп чыкты.