COVID-19дан дагы үч бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 7-октябрда коронавирустан үч бейтап көз жумганын кабарлады. Ош облусунан — эки, Бишкек шаарынан — бир бейтап COVID-19 жуктуруп каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 069 киши каза болду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун 437синин өлүмүнүн негизги себептери COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар болуп чыккан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен 83 медкызматкер көз жумган. Кыргызстанда 30-июль пандемия маалында көз жумгандардын элесине арналып Улуттук аза күтүү күнү болуп белгиленген.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 48 097 учуру катталды. Ооругандардын 43 798и илдеттен сакайды.