COVID-19дан акыркы суткада беш бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 12-октябрда коронавирустан беш бейтап көз жумганын кабарлады. Ош шаары жана Талас облусунан — бирден, Ош облусунан — үч бейтап COVID-19ду жуктуруп каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 090 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун 437синин өлүмүнүн негизги себептери COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар болуп чыккан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен 83 медкызматкер көз жумган. Кыргызстанда 30-июль пандемия маалында көз жумгандардын элесине арналып Улуттук аза күтүү күнү болуп белгиленген.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 49 528 учуру катталды. Ооругандардын 44 522си илдеттен сакайды.