Экс-бажычы Эмилбек Кимсановдун иши кыскартылып, абактан бошотулду

Эмилбек Кимсанов

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов абактан чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучусу Улан Ниязбеков билдирди.

Ниябековдун айтымында, Кимсановдун үстүнөн арызданган тарап тосмо арыз жазып берген. Мындан улам ага карата козголгон иш кыскарган.

Ал эми Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева экс-бажычы 6-октябрда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Улан Зикиралиевдин токтому менен абактан чыкканын айтты.

«Кылмыш иши кыскартылган. Бир бөлүгү жабыркаган Автандил Конгантиев айыптоодон баш тартканына, экинчи бөлүгү – Кимсановдун күнөөсү далилденбегенине байланыштуу», — деди Сүйүнбаева.

Кимсанов бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери. Аны бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын кишилеринин бири болгон. Бирок 2019-жылдын

Ал өзүнүн кесиптеши Автандил Конгантиевди — ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулун — 2018-жылдын декабрь айында сабоого шектелип, Санкт-Петербург шаарынан алынып келинген. Кимсанов өзү иш буга чейин жабылганын жана күнөөсү жоктугун айткан.

2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын жакындары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар жана кысымдар болуп жаткандыгын билдиришип, президенттин атына бир нече видеокайрылууларды жасашкан.

Кимсанов акыркы жарыялаган видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин айтып чыккан. Токтакунов — бажыдагы аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири жана бул иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталат.

Ошондой эле ал абакта кызматкерлер тарабынан сабалганы айтылып, сүрөт жана видеолор да соцтармактарга жарыяланган. Бирок ЖАМКтан Кимсанов керебеттен кулап түшкөн деген версияны айтышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура бул ишти иликтеп жатканы маалымдалган. Бирок ЖАМК киийин ишти өзү иликтеп жатканын билдирген. Мындан улам депутат Дастан Бекешев «өзүңөрдү-өзүңөр иликтеп жатасыңарбы?» деп сынга алган.