УКМК: Матраимов бажыда түзүп кеткен коррупциялык схема боюнча териштирүү башталды

17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Бажы органдарындагы коррупция фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдады.

«2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында Мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле, аталган ведомство сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктоо иш чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалаган.

Буга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстандыктарга кайрылып, кандай гана саясий фигура болбосун, эгер коррупцияга аралашса мыйзам чегинде жоопко тартылат деп ишендирген.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө коррупция менен күрөшүү бул аткарылуучу мыйзамдар экенин жана ал баарына бирдей иштей турганын айткан.

Буга чейин Матраимовдор кланынын мүчөлөрүнө иш козголду деп учурдагы Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеев да айтып чыккан болчу. Жапыкеев борбордо башаламандыктар күч алып, Ак үй басып алынган соң өзүн-өзү башпрокурорлукка дайындап алган эле.

Бирок «Ала-Арчада» 16-октябрда өткөн парламент жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө кылмыш иши козголбогонун билдирген. Ал журналисттердин «Сыймык Жапыкеев буга чейин башкы прокуратура тарабынан Асылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимовго кылмыш иши козголгон деп айткан. Ошол чындыкка жатабы?» деген суроосуна «Мен андайды көргөн жокмун, андай болгон жок» деп жооп кайтарган.

Матраимовдор деген ким?

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдө эң таасирлүү кландардын бири. 2019-жылы майда «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбеков менен өлкө башчынын Матраимовдор менен «дос болгону» үчүн эле араздашып кеткен өңдүү. Атамбаев Жээнбековду бир нече жолу Матраимовдор менен байланышы бар деп айыптап, ал эми Райымбек Матраимовду «Райым-Миллион» деп атаган.