Мунай, нанотехнологиялар. Ош облусунун жаңы башчысы тууралуу эмне белгилүү?

Жарасул Абдураимов. Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Абдураимовду 17-октябрда өкүлчүлүктүн жамаатына вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров тааныштырды.

Жарасул Абдураимов деген ким?

Абдураимов 60 жашта. Ал Алай районунун Гүлчө айлында туулуп-өскөн. Кесиби боюнча экономист. «Ишеним» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана жетекчиси, Нанотехнологиялар институтунун ректору болгон. Мындан сырткары ал 2014-жылдан тарта мунай өнүмдөрүн дүңүнөн сатуучу «Мунай Эксим» ЖЧКсынын жетекчиси болуп эсептелет.

Ош облусун буга чейин Байыш Юсупов жетектеген. Ал бул кызматка эки ай мурун дайындалган болчу. Андан мурунку жетекчи Узарбек Жылкыбаев «Республика» партиясынан парламенттик шайлоого катышуу үчүн 8-августта кызматын тапшырган.

5-октябрда болуп өткөн өлкөдөгү митингдерден соң бир катар шаар, облус жетекчилери, райондордун акимдери жана башка мамкызматкерлер кызматтарын тапшырышкан. Алардын арасында Ош облусунун жетекчиси Байыш Юсупов бар болчу.

Юсуповдун ордуна маркум кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат Анапияев келгендиги кабарланган. Кийинчерек Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн учурда «легитимдүү жетекчилер өз кызматтарында калсын» деген кайрылуусунан кийин Юсупов кайра келген.

Бирок Жапаров 14-октябрда примьер-министр болуп дайындалгандан кийин өкмөттүн курамы жаңыланган. Аны менен катар, Баткен, Талас, Чүй облустарынын башчылары да алмаштырылган. Баткен облусундагы өкүл болуп Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов, Талас облусуна жарандык активист Айбек Бузурманкулов, Чүй облусуна «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров дайындалды.