Төкмө акын Аалы Туткучев: Миллиарддап уурдасаң жарай берет

Төкмө акын Аалы Туткучев фейсбук барагында беш сап ыр жарыялап, анда ал Кыргызстанда мыйзам бузгандарга кандай чара көрүлөрү тууралуу ой бөлүшкөн.

Тоок уурдасаң токтоосуз камай берет,Төөнү да мойнуңа ал-деп сабай берет. Бир күндүк кирешеңди төлөй салып,Миллиарддап уурдасаң жарай берет.Кандай гана каремет Менин өлкөм!!!

Posted by Аалы Туткучев on Tuesday, October 20, 2020

Аалы Туткучев Кыргызстандагы курч маселелерге, анын ичинде бажыдагы коррупцияга байланыштуу төкмөлүгү аркылуу көйгөйлөрдү айтып жүргөн белгилүү акын.

Кыязы, бул ирет Туткучев алгач кармалып, андан соң эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде коё берилген бажычы Райым Матраимов тууралуу кеп козгогондой.

Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга шектелүүдө. Ал буга чейин «кылмыштуу аракеттеринен» келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн 2 млрд сомду төлөөгө даяр экенин билдирген. УКМКнын басма сөз кызматы Матраимов ведомствонун эсебине бул сумманын ичинен 80 млн сомун которгонун кабарлаган.

Матраимов 20-октябрь күнү кармалып, УКМК имаратына алып келинген. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту анын өтүнүчүн жана келтирген чыгымдын белгилүү бөлүгүн төлөп берүүсүн эске алуу менен Матраимовдун баш коргоо чарасын аныктаган.

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашык акча тууралуу «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин биргелешкен журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Дагы окуңуз: