Ырчы Бек Борбиев: Райым баламдын бажыга орношконун билбесе да керек

Искендер Матраимов жана Бек Борбиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездинде.

Экс-бажычы жана ырчы Бек Борбиев уулу Хан-Бото Борбиевдин бажы тармагында иштегени боюнча пикирин билдирди. Буга чейин журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров «Матраимовдун бажы империясы» боюнча жасаган иликтөөсүндө анын аты да аталган.

Ырчы журналисттердин иликтөөсүнө нараазы болуп, «балдарга асылган бул өтө тайыздык» дейт. Ошондой эле ал уулун жумушка «досу, бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов аркылуу киргизбегенин» айтууда.

«Баламды Райымдын империясына кошуп койгон экен, суроолор көбөйдү. Менин балам бажыга жакында эле кирди. Конкурска көптөн бери катышып жүрүп былтыр өткөн, быйыл эми кезеги жетиптир. Райым билбесе да керек, баламдын бажыга орношконун», — дейт ырчы.

Журналисттердин иликтөөсүндө Хан-Бото Борбиевдин «Манас» бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор катары иштээри айтылган. Ошондой эле иликтөөдө Райымбек Матраимовго байланышы бар дагы 30га жакын бажы кызмактеринин аты ачыкталган.

Ырчы Борбиев өзү да буга чейин бажы тармагында иштеген. Ал буга чейинки шайлоодо Матраимовдордун кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездине катышкан. Ошондой эле ал партиянын аты аталган ыр да жаздырган.

Бирок ырдын клиби үгүтөө иштеринен мурда жарыялангандыктан БШК ырчыны 7 500 сомго айыппулга жыккан.

Иликтөө жана реакция

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстандын укук коргоо орган кызматкерлери менен атайын кызмат коомдук талаптын басымы менен ачыкка чыккан факттар боюнча иликтөө башталганын билдиришкен, анткен менен бул боюнча жыйынтык болгон эмес. Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депкомиссия да түзүлүп, бирок иштин жыйынтыгы ал учурда Матраимовдун камалышына алып келген эмес.

Бирок журналисттик иликтөөгө кыргызстандыктар реакция жасап, алар бир нече жолу коррупцияга каршы митингге чыгышкан, айрымдары фейк-аккаунттардын кодулоосуна да кабылышкан. Фейк аккаунттар иликтөөчү журналисттерди жамандап, Матраимовдордун позициясын коргошкон.

Ал эми Матраимовдор бир нече басылмаларды, анын ичинде «Клоопту» сотко беришкен — алар иликтөөдөн алардын фамилияларын алып салууну талап кылып, материалдын үстүндө иштеген бардык журналисттердин ысымдарын билгилери келген.