Жогорку сот күйөөсүн «коргонуу максатында өлтүргөн» аялдын жазасын күчөткөн жок

Жолдошун өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Гүлжан Пасанованын иши 26-октябрда Жогорку сотто каралды. Жогорку сот Ош облустук сотунун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.

Облустук сот үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Пасанованы күйөөсүнүн өлүмүнө айыптуу деп тапкан. Сот аны 9 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып салган. Мунапыс боюнча мыйзамдын негизинде анын жазасы 3 жылга кыскартылган.

Маркумдун туугандары Ош облусттук сотунун Пасановага мунапыс бергенине нааразы болуп Жогорку сотко арызданган.

Пасанованын жактоочусу Мухаё Абдраупова «Клоопко» билдиргендей, Жогорку соттун отурумуна арыздануучулар жана алардын жактоочусу эки ирет тең келген эмес. Алгач сот 22-октябрга белгиленген, арыздануучу тарап келбегендиктен ал жылдырылган.

Гүлжан Пасанованын иши

2019-жылдын 19-ноябрында 29 жаштагы Гүлжан Пасанова менен 46 жаштагы жолдошунун ортосунда кызганычтын айынан чыр чыккан. Окуя болгон күнү жолдошу мас абалында болгон жана Пасановага карата бычак шилтеп калганда тийбей калган. Пасанова коркуп кеткендиктен колуна арматураны алып жолдошун башка бир нече ирет чаап жиберген. Ал күйөөсүн ооруканага алып барганы менен көп кан кеткендиктен жолдошу каза тапкан.

Пасанова күйөөсүн акыркы сапарга узатып жатканда милиция тарабынан камакка алынган. Ага карата «Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу, саламаттыкка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Өз көрсөтмөсүндө, Пасанова күйөөсүн чапкандыгын мойнуна алып, бирок өзүн коргоо максатында жасагандыгын жана аффект абалда болгонун айткан.

Пасанованын адвокатынын айтымында, ал күйөөсү тарабынан зомбулукка системалуу түрдө кабылып келген. 2017-жылы жолдошу эсин жоготкончо сабап, анын айынан ооруканага жатып чыккан. Бирок жабырлануучу жолдошунун опузасынан коркуп, жыгылып кеттим деп калп айтканга аргасыз болгон.

Голливуд актёру Жорж Клунин фонду Пасанованын соттук ишин байкоого алып келет. Аталган фонд 2020-жылдын май айында баяндама жарыялап, анда Пасанованын укуктары бузулганын билдиришкен. Ошондой эле Ош облустук сотуна жана Жогорку соко кайрылып, аялды бошотууга чакырышкан. Анткени, фонд Пасанова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөн жана жолдошун коргонуп жатып өлтүрүп алган деген пикирде.

Тема боюнча:

Ошто «күйөөсүн коргонуу максатында өлтүрүп алган» аялдын адвокаты коркутууларга кабылганын айтууда

Ошто «коргонуу максатында күйөөсүн өлтүрүп алган» аялдын жазасы 3 жылга кыскарды