Сайдулла Нышанов: Депутаттар Канат Исаевди төрагалыктан кетирүү үчүн кол чогултууда

Сайдулла Нышанов

Жогорку Кеңештин депутаттары 28-октябрда «Ала Арча» резиденциясында жыйын өткөрүп жатышат. Жыйындын күн тартибинде премьер-министр жана жаңы өкмөттүн ант берүүсү каралган.

Жыйынга катышкан «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов журналисттерге маек куруп, эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевди кызматтан бошотуу үчүн кол топтоп жатканын кабарлады.

*Конституцияга ылайык (75-берене), шайланган спикер «Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган чечими менен кайра чакыртып алынышы мүмкүн». Бул деген 120 депутаттын кеминде 80ни Исаевдин отставкасын кабыл алышы керек.

«Мен кол койбодум [...] Бул саясий оюндарга окшойт. Анын [Канат Исаевдин] келишине 20 күн да болбоду. Ооба ал каталарды кетирди, алардын бири: ал [президенттин] ыйгарым укуктарын [Садыр Жапаровго] өткөрүп берди. Бирок анын өткөрүп берүүгө укугу жок болчу, бул анын ыйгарым укуктары болгон. Эмнеге алар бири-бирине өткөрүп жатышат? Бул эмне, менчикпи?», — деди Нышанов.

Канат Исаев 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Мыйзам боюнча, Исаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин өлкө башчынын милдеттерини аткарышы керек болчу. Бирок Исаев президенттин ыйгарым укуктарынан баштартып, бул милдет премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн.

Айрым ЖМКлар депутаттар спикерликке «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Талант Мамытовду сунуштап жатышканын жазып чыгышты.

Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн ээлеген кызматтарынан — президенттин милдеттин аткаруучу жана премьер-министрликтен — кете турганын кабарлаган. Ал эми Жапаров кетсе президенттин милдеттерин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек.

Талант Мамытов 2010-жылы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев негиздеген «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган.

2012-жылдын октябрь айында Жапаров, Ташиев жана Мамытов Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен Ак үйдүн астында митинг уюштурушкан. Кийинчерээк митингчилер Ак үйдүн короосунан ашып түшкөнү аракет жасашкан.

Камчыбек Ташиев, Саыдр Жапаров жана Талант Мамытов

Үч депутат укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аларга «бийликти күч менен басып алуу» айыбы тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2013-жылы алардын күнөлүү деп тапкан. Кийичерээк Бишкек шаардык соту — судья Курманкул Зулушевдин төрагачылыгында — депутаттарды актаган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Жогорку Сот аларды толугу менен актады.

Бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы, ал эми Курманкул Зулушев Башкы прокурор болуп дайындалышкан.