Коронавируска чалдыккан медиктердин саны 3 624кө жетти

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабтан 3-ноябрда Ош жана Чүй облустарынан — бирден, Баткен облусунан — үч медик коронавируска чалдыкканын кабарлашты.

Мындан сырткары өткөн суткада он тогуз медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын сегизи ооруканада, он бири үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 624кө жетти — анын 3 359у оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде билдиргендей, компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2000ге жакын медик документ тапшырган. Ал эми 200 миң сомдон кенемтени 377 медик жана 1 млн сомдон 27 медкызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнгөн.

Ошондой эле, Бейшеналиев «Кызыл зонада» иштеген 5241 медикке сентябрь айында 71 млндон ашуун кенемте төлөнгөнү тууралуу айткан.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданушууда — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар.

Мындан тышкары, жуктуруу иш үстүндө болгонун далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация чегерилбейт.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 60 279га жетти. Алардын ичинен 51 288 адам илдеттен айыгып, 1 159у каза тапты.