Политолог Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышарын билдирди

Бакыт Бакетаев

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катыша турганын «24.kg» басылмасына билдирди. Бакетаевдин айтымында, анда өлкөнү өнүктүрүүнүн «жөнөкөй жана түшүнүктүү» программасы бар.

«Мен бүгүн президенттик шайлоого катышуу ниетим боюнча БШКга билдирүү берип, мамлекеттик тил боюнча тест тапшырам. Мен өзүмдү өзүм көрсөтүп жатам», — деди Бакетаев.

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Канат Исаев да шайлоого катыша турганын билдиришкен. Бирок Боршайком алардын арыздарын ала элек.

Учурда шайлоого катышуу үчүн БШКга беш талапкер арызын тапшырды. Алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), «Байыркы көчмөн цивилизациясы» фондунун төрагасы Кубан Чороев, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов жана экс-депутат Бектур Асанов бар.