Аалы Туткучев: Өлкөнүн тагдырын фейктер чечип калды

Төкмө акын Аалы Туткучев 9-ноябрда «Марал» радиосуна маек куруп, «учурда соцтармактар бийликтин же кайсы бир лидердин куралына айланып калганын» айтты.

Туткучевдин айтымында «алар кеңсе ачып, ага ондой блогер жалдашат». Алардын ар бири соцтармактарда 100дөй аккаунт ачып, «бирөөнү жамандоо же каралоо максатында фейктердин армиясы түзүлөт».

«Анан алар эмнени жазса, карапайым эл ошого ишенип, сууну кайда бурса, ошол жакка агып калбадыбы. Бийликтегилер, лидерлер ошол өздөрү чыгарган фейк аккаунттардын талабын “элдин талабы” деп айттырып, ошону кайра ишке ашырганы, атайылап жасалгандай таасир калтырат», — деди төкмө акын.

Ал ошол эле учурда «фейктер менен катар эл тааныган, элдин ичинде жүргөн адамдар пикир айтса, аны бийлик укпайт» деп белгиледи.

Туткучев Кыргызстандагы курч маселелерге, анын ичинде бажыдагы коррупцияга байланыштуу төкмөлүгү аркылуу көйгөйлөрдү айтып жүргөн белгилүү акын. Ал буга чейин Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада экс-президент Сооронбай Жээнбековго сот, бажы, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү айтып ырдаган.

Анда Жээнбеков акын «анын ишинин негизги багытын ырга салганын» айткан.

Фейктер жөнүндө

Фейктер бирөөнүн атын жамынган соцтармак колдонуучалы. Алар көпчүлүк учурда кимдир бирөөнү каралоо же жактоо максатында соцтармактарда отурушат.

Алар Кыргызстанда өзгөчө шайлоолорго жакын күч алышат. Мисалы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодогу үгүт-иштери учурунда таасирлүү кландар Матраимовдорго жана Жээнбековдорго байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларын жактаган фейк аккаунттар көбөйгөн.

Алар аталган партиялар же аларга байланышкан кландарды сындагандарды тепкилеген учурлары да болгон.

Ал эми 5-октябрдан тарта алар учурдагы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровду жапырт колдоого өтүшкөн.

Мисалы Kaktus.media жарыялаган материалда, фейсбуктун Жоомарт Азаматов аттуу колдонуучусу 14-сентябрда «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Элнура Алканованы жактап, ал эми 2-октябрда аталган партияны үгүттөп ар кайсы тайпаларда пост жүктөгөн.

Ал эми 5-октябрдан соң ал Жээнбеков ордунда калышы керектигин, ал эми Жапаров премьер-министр болушу керектигин байма-бай айткан.

ТЕМА боюнча:

Төкмө акын Аалы Туткучев: Миллиарддап уурдасаң жарай берет