Жалал-Абадда «Бадыш» каймана аты менен белгилүү УКТ мүчөсү кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары «Бадыш» каймана аты менен ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 38 жаштагы тургун кармалды. Ал 6-ноябрда 29 жаштагы тургундун үйүнө эки шериги менен келип, «жер үлүшүңдү менин атыма өткөрөсүң жана 700 миң сом бересиң» деп опузалаган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча 29 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, шектүү жаран ага атасы кумар ойноп утулуп «карыз» болуп калганын айткан.

«“Атаң карта ойноп 4 млн 300 миң сом карыз болуп калган, ошону сен бересиң. Жер үлүшүңдөн 700 миң сом алып бересиң, бербесең өлтүрөм, үй-бүлөңө тынчтык бербейм” деп опузалап коркуткан», — деп маалымдады Жалал-Абад ОИИБи.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Опузалап талап кылуу» беренеси менен катталып, ыкчам-тергөө амалдарынын алкагында Сузак районунун эки тургуну, Алай районунун 43 жаштагы тургуну 110 миң сом алып жаткан учурда кармалды. Алар акчаны Бишкек — Ош автожолунун Сузак районундагы 530-чакырымында жайгашкан кафелердин автоунаа токтоочу жайынан алышкан.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, шектүү «Бадыш» эки айга Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми анын эки шериги үй камагына чыгарылды.

Буга чейин 22-майда аталган облустун Базар-Коргон районунун тургунунан такай акча опузалоого шектелген эки жаран кармалган. Шектүүлөр тургундан 300 миң сомдон ашуун акча алышкан. Жалал-Абад ОИИБи шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин аныктаган.