Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалып, стент коюлду. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытовдун басма сөз кызматынан кабарлашты. Акыйкатчы Улуттук госпиталда дарыланып жаткан Сатыбалдиевге барып кабар алып келген.

Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, экс-премьер-министр өзүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлардан улам Жогорку сотко кайрылган. Кылмыш ишинин каралышы 2020-жылдын 6-декабрына белгиленген.

12-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы 6-октябрга караган түнү башалмандыктар учурунда камактан бошотулган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кайра колонияга кайтып келгендигин кабарлаган.

Бирок ЖАМК Сатыбалдиевдин саламаттыгы начарлап, жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин кайтаруусунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатканын билдирген.

Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча жаза өтөп жатат. 2019-жылы сот ага карата мүлкүн конфискациялоо менен 7,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бишкек ЖЭБиндеги авария

Бишкек ЖЭБин жаңыртуу тууралуу кылмыш иши 2018-жылдын 26-январында ЖЭБде болгон авариядан кийин козголгон. Авариядан кийин Бишкектин тургундары бир нече күн жылуулук жок калышкан. Аварияга чейин ЖЭБди жаңыртуу үчүн 386 млн доллар сарпталган.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, 2019-жылы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев 15 жылга соттолгон. «Электр станциялары» мамлекеттик компаниянын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылган.

Айыптоочу абакка жөнөтүүнү талап кылбаган жалгыз гана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев болгон. Артыкбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 3 жыл аралыгында мамлекеттик жумушка иштөө укугунан ажыратып, 5 млн сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы дагы сот күнөөлүү деп таап, 3 млн сом айып салган.

Айыптоочу тарабынан «Электр станциялары» ишканасынын директорунун орун басары Жолдошбек Назаров жана модернизация башкармалыгынын экс-директору Темирлан Бримкуловго 11 жылга эркинен ажыратуу талап кылынган. Сот аларды күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыткан. Бирок алар ТИЗОдо мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, сот залынан бошотулган.

Сапар Исаков авария ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски корпустарда болгон деп айтып келет. Депутаттык комиссия жаңыртуунун баасы атайылап көбөйтүлгөн деген чечим чыгарган. Исаков өзү 5-октябрдагы башаламандыктар учурунда бошотулуп, бирок абакка кайтып келген эмес. ЖАМК 26-октябрда Исаков менен мурдагы мэр Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланганын кабарлаган.