Эл өкүлдөрү Конституцияны бузган жок, коомго иши тууралуу кабарлап жатат — ЖК юристтерге жооп берди

Контекст: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Адилет» укуктук клиникасынын кайрылуусуна жооп берди. Клиника акыркы бир нече аптада парламент кыргызстандыктарды мыйзамдарды кабыл алуу жана талкуулоо укугунан ажыратып, мыйзам чыгаруунун регламентин бузуп жатышат деп билдирген.

Парламенттен эмне деп жооп беришти?

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан айыптоолорду төгүндөштү. Басма сөз кызматтын версиясы боюнча, ушул убакытка чейин биринчи жана экинчи окууларда кабыл алынган мыйзам долбоорлордун бардыгы коомдук талкуу үчүн деп бир ай мурда сайтта жайгаштырылган. Ал эми үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору үч-төрт ай мурун сайтка чыкканын маалымдашты.

«Жарандарды депутаттардын ишмердиги тууралуу натыйжалуу кабарлап туруу максатында kenesh.kg сайтынын жаңылыктар түрмөгү ыкчам тартипте жаңыртылып турат. ЖМК менен байланыш, отурумдарга журналисттерди аккредитациялоо, аудио, видео материалдарды даярдоо жана таратуу мурдагыдай режимде алып барылууда»— дешти парламенттен.

Басма сөз кызматы, 5-6-октябрдагы окуялардан улам Жогорку Кеңештин сайтынын сервери талкаланып, ал бир нече күн жаңыланбай калганын эске салды.

«Бүгүнкү күндө сайт үзгүлтүксүз иштеп жатат, айрым бөлүктөрүн калыбына келтирүү уланууда», — деп жыйынтыктады басма сөз кызмат.

ТЕМА БОЮНЧА: