Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары беткап жана ИВЛ аппараттарын жөнөтөт

Казакстан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин сайты билдирүү таратты. Кыргызстанга 400 комплект мобилдүү ИВЛ аппараты жана казакстандык өндүрүшчүлөр чыгарган 2 млн медициналык беткап берилет.

«Гумжардам жөнөтүү чечими кыргыз тараптын калкты медициналык багыттагы каражаттар менен камсыздоо үчүн расмий кайрылуусунан улам кабыл алынды», — деп жазылат казак өкмөт башчысынын сайтында.

Кыргызстан Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында коңшу мамлекеттерге жардам сурап кайрылган. Казакбаев коронавирус менен күрөшүүгө коргонуу каражаттары жана дары-дармек жаатында колдоо көрсөтүүнү өтүнгөн болчу.

Кыргыз ТИМи Өзбекстан, Орусия жана Евробиримдикке да жардам сурап кайрылган.

Өзбек тараптан буга чейин дары-дармек жана коргонуучу каражаттар жүктөлгөн жардам келип түшкөн. Орусия Кыргызстанга карата каржылык колдоосун этап-этабы менен жандандыраарын кабарлады. Ал эми АКШ Кыргызстандагы президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө акча бөлөт.

Кытай Кыргызстандын жалпы суммасы үстөк пайызы менен 2 млрд доллардан ашуун тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартты.

Коронавирустун пандемиясынын жана Кыргызстандагы саясий окулардын шартында өлкөдө экономикалык кризис башталган. Бюджеттин тартыштыгы рекорддук 35,6 млрд сомго жетип, ал эми тышкы кредиторлор менен донорлор республикага финансылык салым кошууларын токтотушкан.