Акыркы суткада коронавирустун жаңы 378 учуру катталды, төрт бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 25-ноябрда коронавирустун жаңы 378 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Чүй облусу — 111;

Бишкек шаары — 80;

Ысык-Көл — 28;

Ош облусу — 45;

Жалал-Абад облусу — 54;

Баткен облусу — 28;

Ош шаары — 27;

Талас облусу — 11;

Нарын облусу — 10.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 70 744кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 412

Ошондой эле, акыркы суткада 455 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 111, Жалал-Абад облусунда — 56, Ош облусунда — 53, Ош шаарында — 13, Баткен облусунда — 46, Чүй облусунда — 68, Ысык-Көл облусунда — 63, Нарын облусунда — 13, Талас облусунда — 32 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 62 048 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 851 бейтап, ал эми үй шартында 3 832 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өлкө боюнча 11 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек жана Ош шаарларынан, Чүй жана Нарын облсутарынан — бирден, Ош облусунан — беш жана Ысык-Көл облусунан — эки медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада сегиз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 842ге жетти, анын ичинен 3 560 медкызматкер илдеттен айыкты.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — эки жана Талас жана Баткен облустарынан — бирден бейтап COVID-19ду жуктуруп каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 245 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.