Конституциялык кеңешменин жыйынында 11-класска чейин окууну милдеттүү кылуу сунушталды

Каныбек Осмоналиев

Конституциянын кеңешменин 26-ноябрдагы жыйынында мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев окуучуларды 11-класстын аягына чейин окууга милдеттендирүү зарылдыгын айтты. Ал бул сунушту Баш мыйзага киргизүү керек деп билдирди.

Осмоналиев мындай сунушун 9-класстан соң жаштар «ар кандай нерселерге тартылып кетип жатат» деген негизде түшүндүрдү.

«11-классты бүткөн баланын жеке көз карашы калыптанып калган болот. Ар кандай чакырыктарга туруштук бере алат. Эгерде милдеттүү десек 11-классты окутуу биринчи кезекте өкмөткө милдет болот», — деген Осмоналиев.

Окуучуларга орто мектептин 9-классын аяктагандан кийин, толук эмес орто билими тууралуу күбөлүк берилет. Андан кийин окуучулар билим алууну 11-класска чейин улантуу тууралуу чечимди өздөрү кабыл ала алышат.

Учурда Конституциянын жаңы жолбоорун Конституциялык кеңешме карап жатат. Ага 90го жакын киши кирген. Арасында юристтер, юридика илимдеринин докторлору, коомдук активисттер бар. Бирок сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы пикир билдирип чыккандар дээрлик жок.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталууда.

Каныбек Осмоналиев

Парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев тарапташтары менен үстүбүздөгү жылдын мартында Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышып, Ала-Тоо аянтына митинге чыгышкан. Осмоналиев ал митингде модераторлук милдетти аткарган.

Митингчилер милиция тарабынан кууп таркатылгандан кийин, УКМКга митингдин активдүү катышуучулары жана уюштуруучулары делип Осмоналиев менен дагы үч киши кармалган. Кийинчерээк анын ден соолугу начарлап жатканы айтылып, жакындары жана дарыгери абактан бошотууну талап кылышкан. Ал 27-июнда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.