Коронавирус 12 медиктен аныкталып, 11 медкызматкер илдеттен айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 3-декабрда 12 медкызматкерден коронавирус аныкталгандыгын кабарлашты. Бишкек шаарынан — алты, Чүй жана Баткен облустарынан — экиден, Ош шаары жана Ош облусунан — бирден медик COVID-19га чалдыккан.

Мындан сырткары өткөн суткада 11 медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын тогузу ооруканада, экөө үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 944кө жетти, анын ичинен 3 634 медкызматкер илдеттен айыкты. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 27-ноябрдагы брифингде компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 550гө жакын медик документ тапшырганын маалымдаган. Анын айтымында, учурда 479 медикке 200 миң сомдон кун төлөнүп берүү чечими кабыл алынган жана каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом төлөнгөн.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданышкан — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар.

Мындан тышкары, жуктуруу иш үстүндө болгонун далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация чегерилбейт.

Ошондой эле, Сурабалдиева коомчулукта «кун төлөнбөй жатат» деген пикирлердин жаралышынын бир нече себептерин атаган. Ал инфекция булагы аныкталбагандыгы, документтерди толтурууда мүчүлүштүктөрдүн болуусу, амбулатордук картанын көчүрмөсүнүн жоктугу, инкубация мезгилинде даарыгерлердин эмгек өргүүдө болгону тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча өкүлү Индира Жумабаева COVID-19ду жуктуруп алган медиктерге кенемте төлөө үчүн алардан арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулгандыгын маалымдаган.

Анын айтымында, буга чейин келип түшкөн арыздар атайын комиссия тарабынан текшерилип бүткөндөн соң жаңы документтер кабыл алына баштайт. Кабыл алуу жаңы жылдан кийин жанданышы мүмкүн. Учурда 1-сентябрга чейин келип түшкөн арыздар каралууда.

3-декабрга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 73 933 ге жетти. Ал эми илдеттен 65 589 бейтап айыкты.