Садыр Жапаров: Ким уурулук кылып жатканын, саясатчылар, бири-бирибизди жакшы билебиз

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 7-декабрда өзүнүн фейсбук баракчасына «Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик» деп билдирди. Ал муну Текебаевдин мындан бир апта мурун «Азаттык» басылмасына берген маегине жооп катары жазган.

Анда «Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев учурдагы конституциялык реформаны сынга алып, «Жапаров колдоп жаткан конституциянын долбооруна каршымын. Бул жол биздин мамлекетти 30 жыл артка алып кетет» деп айткан.

Жапаровдун айтымында, партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы, «кызылдай эле бизнеске айланып кетти». Ошондой эле, ал бул «бизнес» жоюларын жана «добуш сатып алуу» жок болоорун белгилеген.

«Тагырак айтсам, Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн долларга чейин сатылып калган. Эл дагы добуштарын сата баштады. Себеби, Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз», — дейт Жапаров.

Мындан сырткары, Жапаров добуш сатып алуу менен келген параменттин депутаты шайлоодо короткон каражатты беш жыл бою толуктап эле тим болбостон, аны «эки-үч эсе көбөйтүп алуунун жолун издейт» деп эсептейт.

Жапаров Текебаевге жооп берүүгө туура келип жатканын айтып, «кайым айтышуулар экөөбүздүн деңгээлибиздеги маселе эмес эле» деп билдирген.

«Анткени буга чейин эки, үч жолу элдин башын айлантып, Баш мыйзам, сот реформасы, Кумтөр жана башка маселелер катуу талкууланып жатканда, элдин оюн тескери жолго буруп кеткен учурлары болгон. Жыйынтыгында элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленип калган. Эми да ушул тарыхый бурулушта элди тескери жолго буруп жиберсе, накта ошондо 30 жыл дагы артка кетебиз», — деген ал.

Жапаров менен Текебаевдин ортосундагы тиреш

Текебаев менен Жапаровдун тиреши Конституциянын жаңы долбоору талкууга коюлган учурдан тарта уланып келет. Текебаев Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыгып, ал «эски системаны калыбына келтире турганын» айтып келген. Анын айтымында, учурдагы Конституциянын жаңы долбоору «чексиз, көзөмөлсүз, өзүм билем» деген бийлик системасын орнотот.

«Мен Садыр Жапаровго айткам, “өзүм билемдик эбегейсиз бийликти” силер эптей албайсыңар, силерге чейинкилер да эптей алган эмес, силерден кийинкилер да эптей албайт деп. Бул оюмдан мен эч убакта артка кайтпайм. Бул ой анык жана бекем», — деген депутат.

Ал эми Жапаров Текебаевди орус ишкери Леонид Маевскийден бир млн сом пара алган деп айыптап, бул кылымыш Текебаев менен мурдагы президент Алмазбек Атамбев жакшы мамиледе болгон үчүн ачыкка чыккан эмес деп эсептейт.

Текебаев Жапаровдун бул айыптоосун «ушак жана жалган» деп атаган.

Тема боюнча:

Өмүрбек Текебаев: Сунушталган система Акаев, Бакиевдикинен да өтөт