Акыркы суткада коронавирустун жаңы 318 учуру катталды, беш бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 14-декабрда коронавирустун жаңы 318 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Чүй облусу — 79;

Бишкек шаары — 126;

Жалал-Абад облусу — 25;

Ысык-Көл — 46;

Ош облусу — 6;

Баткен облусу — 16;

Ош шаары — 4;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 12.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 77 674кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 286.

Ошондой эле, акыркы суткада 258 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 96, Жалал-Абад облусунда — 18, Ош облусунда — 24, Ош шаарында — 29, Баткен облусунда — 15, Чүй облусунда — 56, Ысык-Көл облусунда — 13, Нарын облусунда — 4, Талас облусунда — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 70 450 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 087 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 91 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 951 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — бир, Ош жана Баткен облустарынан — экиден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 312 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Мындан сырткары, өлкө боюнча беш медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек, Ош шаарларынан жана Жалал-Абад облусунан — бирден, Чүй облусунан — эки медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада тогуз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4039га жетти, анын ичинен 3 770 медкызматкер илдеттен айыкты.