Галина Байтерек Матраимовдун кайниси Мамытовдун консультанты болгонун тастыктады

Галина Байтерек

Президенттин милдетин аткаруучу жана спикер Талант Мамытовдун басма сөз катчысы Галина Байтерек экс-бажычы Райымбек Матраимовдун кайниси Тынчтык Сулайманов Мамытовдун консультанты болгонун тастыктады.

Ал Сулайманов Матраимовдор менен туугандык байланышы бар экени аныкталгандан кийин кызматтан боштулган дейт. Анын айтымында, Сулайманов Мамытовдун консультанты болуп 2019-жылдын май айына чейин иштеген.

«Саймаитинин өлүмү боюнча убактылуу комиссия түзүлгөн убакта Сулайманов комиссия жетекчиси Мамытовдун консультанты болгон эмес жана иштин жүрүшүнө эч кандай таасири болбогон», — деди басма сөз катчы.

Байтеректин айтымында, депутаттык комиссиянын ишинин жыйындыгында алты кылмыш иши козголгон.

Иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров 14-декабрда «Мамытов-Матраимов көмүскө достугу» аталыштагы иликтөөнү жарыялаган.

Анда президенттин милдеттерин аткаруучу жана спикер Талант Мамытов менен бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы бар экени ачыкталган.

Мамытовдун консультанты Тынчтык Сулайманов — Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси болуп чыккан.

Ошондой журналисттер Мамытовдун мурдагы консультанты анын иниси Эсенжан Мамытовдун уулу — Азамат Эсенжан уулу болгонун аныктап, учурда ал Түштүк-батыш бажыда инспектор болуп иштегенин ачыкташкан.

Мамытов буга чейин кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин киши колдуу болгонун изилдөө үчүн атайын депутаттык комиссияны жетектеген. Комиссия жарым жылдан ашуун убакытта жайгдайларды изилдеп, көмүскө акчалар Кыргызстан аркылуу адалдаштырылганына «Матраимовдордун тиешеси жок» деген жыйынтыкка келген.

Учурда Талант Мамытов өлкөдөгү биринчи адам — ага 14-ноябрда президенттин ыйгарым укуктары жүктөлгөн. Анткен менен Мамытов бир айдан бери Матраимов тууралуу өз позициясын билдире элек.