Иликтөө. Райымбек Матраимовдун кайниси Талант Мамытовдун консультанты экени белгилүү болду

Тынчтык Сулайманов / Талант Мамытов / Райымбек Матраимов / Аманда (Уулкан) Тургунова

Иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров 14-декабрда «Мамытов-Матраимов көмүскө достугу» аталыштагы иликтөөнү жарыялады. Анда президенттин милдеттерин аткаруучу жана спикер Талант Мамытов менен бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы бар экени ачыкталган.

Журналисттердин иликтөөсү «Temirov.Live» жана «Али Токтакунов» Youtube-каналдарында жарыяланды.

Токтакунов Жогорку Кеңештин депутаттары жана алардын жардамчыларынын номери камтылган Жогорку Кеңештин маалымдамасына көңүл бурду. Аталган маалымдама 2019-жылы жаңыртылган. Ал жерде Талант Мамытовдун консультанты катары Тынчтык Сулайманов көрсөтүлгөн.

«Бул жигит Райымбек Матраимовдун аялы Тургунова Аманда (Уулкан) Сулаймановнанын бир тууган иниси. Демек, Матраимовдун кайниси Мамытовдун жанында отуруп кеп-кеңештерин берип турган», — деди Токтакунов.

Мындан сырткары иликтөөчүлөр маалымдамада Тынчтык Сулаймановдуку деп көрсөтүлгөн номерди GetContact тиркемеси аркылуу да текшерген. Бул тиркеме номерлерди ким кандай аталышта сактаганын көрсөтүп берет.

Иликтөөдөн алынган скрин

«Натыйжада номерди кимдир бирөө “Мамытов Т Жк”, башкалары “Тынчтык Советник депутат”, “Тынча бр таможня”, “Шеф жеңе Тынчтык”, “Тынчтык кайни ш”, “Тико Тургунов”, “Тынчтык Сулайманов грепплинг” жана башка деп сактаганын биле алдык», — деди Токтакунов.

Ошондой эле журналисттер Мамытовдун мурдагы консультанты анын иниси Эсенжан Мамытовдун уулу — Азамат Эсенжан уулу болгонун аныктап, учурда ал Түштүк-батыш бажыда инспектор болуп иштегенин ачыкташты.

«Ал эми Матраимов 2017-жылы кызматтан кеткени менен бажыны көмүскөдөн башкарып келгени баарыбызга айкын эмеспи?» — деди Токтакунов.

Учурда Мамытов өлкөдөгү биринчи адам — ага 14-ноябрда президенттин ыйгарым укуктары жүктөлгөн. Анткен менен Мамытов бир айдан бери Матраимов тууралуу өз позициясын билдире элек.

Айэркен Саймаитинин өлүмү жана депутаттык комиссия

Айэркен Саймаити

Талант Мамытов буга чейин кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин киши колдуу болгонун изилдөө үчүн атайын депутаттык комиссияны жетектеген. Саймаити Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда өлтүрүлгөн.

Кытайлык ишкер Саймаити журналисттеринин маалымдоочусу болгон. Саймаити журналисттерге Борбор Азияда таанымал болгон Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык көмүскө акчаларды адалдап берип жүргөнүн айтып берген.

Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.

Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.

Курьерлер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын Кыргызстан аркылуу эч тоскоолдуксуз «чыгарып», андан кийин Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму акчалардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу «Исмаил Матраимов» фондуна которуп турушкан.

Кийинчерээк Саймаити Түркиянын Стамбул шаарындагы кафелердин биринде киши колдуу болгон. Ошол күнү Саймаити ал жерге Сопоковго таандык болгон унаада келген. Кийинчерээк активисттер Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен.

Ишкердин өлүмүнө кармалган шектүүлөрдүн айтымында, «Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган». Ал эми Сопоков бул окуянын эртеси күнү кызматынан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, ал үй камагына алынган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарыяланган журналисттик иликтөө жана Саймаитинин өлтүрүүсү боюнча тергөөнү баштап, биринчилерден болуп Сопоковду суракка чакырган. Кийинчерээк УКМКга бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Дүйшөн Төрөкуловду суракка чакырган.

Ал эми депутаттык комиссия жарым жылдан ашуун убакытта жайгдайларды изилдеп, көмүскө акчалар Кыргызстан аркылуу адалдаштырылганына «Матраимовдордун тиешеси жок» деген жыйынтыкка келген.

Матраимовдун кармалышы жана тергөө менен кызматташтык

Райымбек Матраимов УКМКнын имаратына алып келинүүдө

Райымбек Матраимов УКМК тарабынан 20-октябрда кармалган. Буга парламенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү саясий кризис жана бийликтин алмашуусу да себеп болгон.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилген. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Матраимов 2 млрд сом төлөп бере турганы боюнча 4-ноябрда Садыр Жапаров дагы айткан. Жапаров ал учурда президенттин м.а кызматын аткарып турган. Ал Матраимов бул каражаттарды 2020-жылдын ноябрынын аягына чейин төлөп берет деп айткан.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 8-декабрга карата бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары 773 млн сом төлөдү. Башкы прокурор «макулдашылган график» тууралуу айтып жатканы менен буга чейин так мөөнөтү айтылган — Матраимов акчаны мамлекетке 1-декабрга чейин кайтарып бериши керек эле.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутаттык комиссия: 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылышына Матраимовдордун тиешеси жок