«Көнүгүү жасабайсың». Москвада уулун сабаган кыргызстандык 3,5 жылга кесилди

Орусиянын Москва шаарында 6 жаштагы баласын көнүгүү жасабагандыгы үчүн ур-токмокко алган Эмилбек Жунусов (Пирназаров) 3,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «РИА новости» басылмасы жазып чыкты.

«Ал “уруп-согуп кыйноо жана жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо" боюнча күнөөлүү деп табылып, Москва шаарынын Кунцевский райондук сотунун өкүмү менен Эмилбек Жунусов жалпы режимдеги түзөтүү абагына 3,5 жылга кесилди», — деп билдирди полициянын өкүлү Юлия Иванова «РИА Новости» басылмасына.

Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде социалдык тармактарда эркек киши баласын аёсуз сабаган видео тараган. Үрөй учурган тасмада киши баласын башка ургулап, кийин буту менен тепкилеген. Андан кийин «Отжимание жаса, жасабайсыңбы, менин айтканымды кылбай калдыңбы?!» деп темир союл менен сабаган.

Көп өтпөй Жунусовдун аялы жолдошу камалып кете турган болсо балдарын ким багаарын айтып коомчулуктан күйөөсү үчүн кечирим сураган. Кийинчерээк укук коргоо органдары тасмадагы кишинин ким экенин аныктап, ал эки айга камакка алынган.

Үй-бүлө Москвага өткөн жылы күзүндө иштегени келишкен. Жубайлардын үч баласы бар. Окуя болгон учурда сабалган баланын энеси төртүнчү ымыркайын күтүп жатканы айтылган болчу.

Тема боюнча:

«Өтө катуу сабаган эмесмин». Москвада уулун ур-токмокко алган кыргызстандык үн катты