Москва: Метродо көз жарган кыргызстандык аял төрөтканадан чыкты

Орусиянын Москва шаарындагы метродо төрөгөн кыргызстандык аял төрөтканадан 16-декабрда чыгарылды. Бул саамалык менен куттуктоо үчүн төрөттү кабыл алган сержант Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов келди.

Полиция кызматкерлерине 29 жаштагы аялдын жолдошу ыраазычылык билдирип, жаңы төрөлгөн ымыркай алардын экинчи баласы экенин айтты. Жаш үй-бүлө наристеге Алинур деген ысым ыйгарышты.

Окуя 9-декабрда кечки саат 19.00дөр чамасында болгон. Толгоосу келип калган аялды көргөн милиционерлер тез жардам унаасын чакырууга үлгүргөн эмес. Алар төрөттү өздөрү кабыл алып, ымыркайды ороп, медиктерди күтүшкөн.

Кийинчерек дарыгерлер полиция кызматкерлери жогору кесипкөйлүгүн көрсөтүп, туура жардам бергенин айтышкан.