МКК бир дарекке 10дон ашык адамды каттоого тургузууга тыюу салды

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 2021-жылдагы президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча брифингде МКК бир батирде же бир үйдө 10дон ашык адамды каттоого отургузууга тыюу салынганын маалымдады.

«Жазында, жергиликтүү кеңешке шайлоолор өтүп жатканда “кеңейе берген батирлер” пайда болду, андан кийин биз каттоо боюнча токтомго өзгөртүүлөрдү киргиздик. Учурда катуу көзөмөл орнотулду», — деди Мамбеталиев.

Ал кошумчалагандай, эми адамды каттоого тургузуу үчүн үй ээси биометрикалык идентификациядан өтүшү керек, ошону менен жаранга анын үйүндө каттоого турууга уруксат берилет.«Эгер 10дон ашык адам катталса, ыйгарым укуктуу кызматкерге белги берилип, ал ИИМге, БШКга жана жергиликтүү аймактык башкармалыкка чара көрүү үчүн арыз жөнөтөт», — деди МККнын төрагасы.

2020-жылдын февраль айында МКК Ош, Токмок жана Каракол шаарларында апрелде өтө турчу жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында шайлоочулардын жапырт катталып жатканын аныктаган. Апрель айындагы шайлоолор Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынан улам жылдырылган.

Натыйжада жакынкы калктуу пункттардагы адамдарды бир эле үй жана батирлерде жапырт каттоого тургузуу орун алганы белгилүү болгон.МКК Ош, Каракол жана Токмокто 2020-жылдын февралындагы кайра катталуулардын санын «аномалдуу» деп атаган. МККнын маалыматына ылайык, бул ишти иликтеген комиссия «аймактык бөлүмдөрдөгү кызматкерлер тарабынан жарандарды каттоодо бир катар бузууларга жол берилгени» аныктаган.

Ошондо милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганы үчүн ЗАГСтардын аймактык бөлүмдөрүнүн 44 кызматкерине жана КТБлардын жетекчилеринин карата тартиптик жазалар көрүлөт.

Массалык каттоо фактылары аныкталгандан кийин МКК жарандарды жашаган жери боюнча каттоодо жаңы эрежелерди киргизген. Жарандар жана турак үйдүн ээси каттоого турууга арыз тапшырууда «Face ID» технологиясы боюнча идентификациядан өтүүгө милдеттендирилген.

ДАГЫ ОКУҢУЗ: БШК: Форма №2 жоюлгандыктан 200 миң кыргызстандык добуш бере албайт