Баткенде балатыны кооздоого кеткен каражатка балдарга белек берилет

Баткендеги балаты. Сүрөт: Жениш Айдаров

Баткен шаарында жаңы жыл майрамына карата балаты жасалбайт. Анын ордуна 80ден ашык үй-бүлөнүн балдарына майрамдык белек баштыктар таркатылат.

Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Равшан Бадалов «Азаттык» басылмасына билдиргендей, мэрия пандемияны жана каражаттын тартыштыгын эске алып ушундай чечим кабыл алган. Анткен менен буга чейин жаңы жылдык балатыны жасалгалоого тендер жарыяланган.

«169 миң сомго бир компания уткан. Бул чыгымдар азайтылып, шаар аймагындагы колдоого муктаж балдарга баштыктар таркатылат. Тендер артка кайтарылды. Баштыктардын баары жергиликтүү өндүрүштөн чыккан таттуулар менен толтурулат», — деп айткан Бадалов аталган басылмага.

Башка шаарлардагы балаты

Буга чейин Жалал-Абад мэриясы жаңы жыл майрамына карата казынадан 800 миң сом бөлгөндүгү маалымдаган. Мэриядан бөлүнгөн каражатка балатынын айланасы, шаардын көчөлөрү, Эркиндик аянты жасалгаланат деп билдиришкен.

Ал эми, Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов казынадан балатыны жасалгалоого 600 миң сом бөлүнгөнүн айткан. Ошто балаты 25-декабрда жандырылат.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев Жаңы жыл күнү майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт деп билдирген. Борбордун бюджетин үнөмдөө максатында быйылкы балаты былтыркы жасалгалар менен кооздолгон. Мындай чечим бюджетти үнөмдөө жана пандемиянын шартында оорунун жайылуусун алдын алуу максатында кабыл алынгандыгын айткан.

Анткен менен Бишкектеги балаты үчүн 300 миң сом жумшалган. Ал эми жаңы жыл майрамы үчүн мамлекеттик казынадан жалпы 1 млн 700 миң сомдон ашуун каражат коротулган. Анын ичинен эң көп каражатты Жалал-Абад мэриясы сарптаган.