«Үйүңдү өрттөп, зордуктап кетебиз». Касымалиева шайлоодон кийинки коркутуулар тууралуу айтты

Аида Касымалиева

Вице-спикер Аида Касымалиева парламенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү кырдаал боюнча, ошол учурда ага карата «коркутуулар» жана вице-спикерлик кызматы тууралуу пикирлерин «Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө айтып берди.

Буга чейин 17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Касымалиеваны вице-спикерликтен алуу үчүн кол чогултуп жаткандыгы тууралуу маалымдалган болчу. Депутат Дастан Бекешев анын ордуна Социалдык саясат комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованы койгону жатышат деп өзүнүн Телеграм каналында билдирген.

Касымалиеванын айтымында, кол топтоо менен эле вице-спикерликтен түшүрүп коюу мүмкүн эмес. Алгач вице-спикер кайсы фракциядан барган болсо, ошол партиянын лидери жана мүчөлөрү чечим чыгарып, андан кийин ал парламенттин сессиясынын күн тартибине коюлушу керек.

«Негизи мен “креслого” байланбайм. Түшүндүрүп иш кылышса түшүнмөкмүн. Бирок, артыңдан “интрига” кылып, кол топтосо принципиалдуу маселеге айланып калат экен», — деди Касымалиева.

Анткен менен Касымалиева учурда вице-спикерликти талашууга негиз жок деп айтып, кол топтоо ишине көңүл бурбаганын билдирди. Муну ал учурдагы парламенттин мөөнөтү бүткөндүгү менен түшүндүргөн.

«Учурда вице-спикерликтин мааниси жок да. Жаңы парламентке шайлоо болгон. Карапайым эл да таң калып жүрүшөт, мөөнөтү бүтсө деле “кресло” талашып жүрүшөт деп. Уят да. Кимдир бирөө жазган экен: парламенттин көрү жакындап калганда төр талашуу башталды деп. Азыркы учур вице-спикерликти талашчу мезгил да эмес, принцип да эмес», — деди ал.

«Мен чын эле бир күн бир өлкөнү башкарып калганымды сездим»

«4-октябрдан кийинки окуяларда чын эле опурталдуу нерселер болду. Мен чын эле бир күн бир өлкөнү башкарып калганымды сездим. Бир күндө спикерди шайлап, андан кийин премьер-министр да кворум жок эле болуп калды. Кийин аны легитимсиз дешти… Депутаттарды топтой албайсың…», — деп Касымалиева парламенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, ошол учурда бирөө жоопкерчиликти өзүнө алуу, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, мыйзам талаасына келүү биринчи орунга чыккан. Мындан улам депутаттардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, парламент кайра шайлангыча, премьер-министр дайындалгыча Жээнбеков президент болуп турушуна макулдашышкан. Касымалиева Жээнбековду легитимдүү президент катары милдетин аткарып туруусун колдогонун жана демилгелегенин айтат.

Ошондой эле, Касымалиева Жээнбеков президент бойдон калып, мүмкүн болсо үч жыл дагы иштеп, Садыр Жапаров премьер-министр боюнча калса кырдаалдан чыкмакпыз деп эсептейт.

«10-октябрда депутаттардын жок дегенде үчтөн бир бөлүгү өзүнүн позициясын кармап турганда, өлкө турукташып кетмек. Бирок көпчүлүгү коркту. Айрыкча эркек депутаттарыбыздын корккондору, принциптерин өзгөрткөнү азыркыга чейин көз алдымда турат. Тескерисинче аял депутаттар принциптерин кармашты», — дейт Касымалиева.

«Коркутуулар боюнча укук коргоо органдарына кайрылган жокмун»

«Ала-Арча» резиденциясында 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитилген. Жыйынга Касымалиева да барып, бирок көп өтпөй ал кетип калган.

Кийинчерек Касымалиева ага карата коркутуулар болуп жатканын ашкерелеген. Анын айтымында, аны депутат, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Урмат Самаев «коркуткан».

«Самаев түз келип “сени урам же сени жок кылам” деп айткан эмес, бирок коркутуу акты болгон. Коркутса деле коркмок эмесмин. Бирок башка эркек депутаттарды коркутуп эле жыйынга алып келип жатты да. Алар “басым” аркылуу добуш берип жатышты деп айта алам», — деди Касымалиева.

Анткен менен вице-спикер коркутуулар боюнча укук коргоо органдарына кайрылбаганын айтат. Ал болгону байланыш телефондорун, таксилерди жана жашаган жерин улам өзгөртүп турган. Ошондой эле, аны ошол учурда инилери коштоп жүргөнүн белгилеген.

«Карасам жөнөкөй эле адамдар “зордуктап кетебиз”, “үйүңдү өрттөп кетебиз” деп жатышты. Ошого эч жакка кайрылган жокмун, бирок Башкы прокуратура факты боюнча иш козгосо болмок эле, эмнегедир андай кылышпады. Жансакчы алууга да мүмкүнчүлүк жок болчу, бирок бир күн мамлекеттик күзөт карады. Алар артыңдан калбай жүрүшкөндүктөн, мен өзүм жүдөп кеттим», — деп түшүндүрдү вице-спикер.

Аида Касымалиева

Аида Касымалиева 2018-жылдын декабрь айында вице-спикер болуп шайланган — ал өзүнүн партиялашы Асел Кодуранованын ордуна келген. Кодуранова аны вице-спикерликтен кетирүү чечими «бузуулар» менен коштолгонун айткан.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Касымалиева «Биримдик» партиясынан аттанган. Ал аталган партиянын тизмесинде сегизинчи болуп турган. Ал эми мурдагы шайлоодо Касымалиева КСДП менен катышып, парламентке келген. Ал учурда аталган партия бийликчил болчу.

Касымалиева Садыр Жапаровду депутаттар чогулуп премьер-министрликке бекиткенин «мыйзамсыз» деген. Анткени кворум чогулбай, айрым депутаттар коркутуулар астында жыйынга келишкенин билдирген. Кийинчерээк депутаттар үчүнчү жолу чогулуп, кворум болгондон кийин гана Садыр Жапаровду кайрадан премьер-министрликке бекитишкен.