Арстан Абдылдаев теледебатта Садыр Жапаровду «калпычы» деп атады

Президенттикке талапкер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) КТРКда өтүп жаткан теледебатта «кыргыздар ааламдын өкүлдөрү» экенин белгилеп, алар дүйнөнү «сактай турганын» билдирди.

«Адамзат бир нерсени түшүнү керек: көп жылдык эмгектен улам 21 кылымда адамзатта ген бышты. Эгерде адамзат 21 кылымда Кудай-адам боло албаса, анын денеси жарылып кетет. Адамдын денеси энергияны ташуучу жана өткөрүүчү болушу керек. Мисалы бир убакыттарда мен өзүмдү Кудай болгонумду жарыялаганмын», — деди Абдылдаев.

Ошондой эле Абдылдаев алып баруучу Светлана Акматалиеванын мыйзам бардыгынан бийик болушу үчүн эмне кылуу керек деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди.

«Кудай судья деп айтып коюшат эмеспи. Милиция, сот, прокурор погонду сыйлап “ушул ааламдан мага буйрулган ушул кызмат, мен Кудай катары адамдын тагдырын чечип жатам, мен теңдикти камсыз кылып атам” деген жоопкерчилик болгон кезге гана ич-ара мамиле, коррупция жоюлат», — деп түшүндүрдү ал.

Садыр Жапаров тууралуу

Абдылдаев Садыр Жапаров «кыргыз элине эмгек кылган жок» деп белгиледи. Ал Жапаров Бакиевдин убагында Коррупцияны алдын алуу боюнча комиссияны жетектеп турганда, тескерисинче «коррупция гүлдөгөн» деп эсептейт.

«Сен айтып жатасың: “кыргыз элим, мени падыша кылып койгулачы” деп. Же болбосо сенин түшүнүгүң боюнча, сени “мыйзамдагы ууру” сыяктуу тажыланганды каалап жатасың. Бирок “мыйзамдагы ууру” тажыланып жатканда кандайдыр бир критерий бар, бирок сенде кыргыздарды башкаруу үчүн критерий жок. Сен түбөлүк эмес, күнүмдүк президент боло албайсың», — деди Абдылдаев.

Мындан сырткары Абдылдаев Жапаровду «калпычы» деп атап, анын тарапташтары фейк-аккаунттар менен адамдарды «коркутуп жатат» дейт.

«Кыргыз сенден коркпойт, кыргыз чындыктан гана коркот. Урматтуу кыргыз журтум, ошонун аркасынан жүргөн силерге мен күлгүм келет. Таң калам», — деп сөзүн жыйынтыктады Абдылдаев.

Арстан Алай өткөн жылдын август айында басма сөз жыйын куруп, өзүнү Кудай деп жарыялаган. Анын айтымында, аалам аны Кыргызстандын 2020-жылдагы президенти деп бекиткен.

Бир канча айдан кийин депутат Улукбек Ормонов Абдылдаевдин бул сөздөрүн текшерүүнү талап кылган. Көп өтпөй Бишкек ШИИБи бул билдирүү боюнча «Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок 2019-жылдын 31-декабрда «кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.

Ал эми 3-мартта Арстан Алай Кытай Кыргызстандын 4 млрд доллар карызын кечирбегени үчүн аларга «коронавирусту жибергенин айткан». Бирок ошол эле учурда «коронавирус Кыргызстанга келбешин» билдирген.

Анткен менен Кыргызстанда 29-декабрга карата коронавирустун 80 654 учуру катталды.