Атамбаев №47 колонияга которулду, бирок баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калды

Алмазбек Атамбаев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №47 колонияга которулду. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалып жаткан болчу.

Ошондой эле 4-январда Бишкек шаардык соту тарабынан Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, сот райондук соттун камакта калтыруу өкүмүн өзгөрткөн жок. Анын жактоочусу Замир Жоошев Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранган.

Жоошев «Азаттык» басылмасына анын кардарынын кан басымы көтөрүлүп жаткандыгын жана жүрөгү ооруп атканын айткан. Ошондой эле, №47 колония камактагыларга медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган деп маалымдалат.

Өткөн жылдын 25-декабрында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Атамбаевдин абалы менен таанышып чыккандыгы кабарланган. Ошондой эле, Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттарына жана аракеттерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан. Анткен менен ал ден-соолугунун начардыгына даттанган.

«УКМКнын төрагасы тиешелүү кызматтарга Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалын кылдаттык менен текшерип чыгууну, андан кийин зарыл болгон учурда аны медициналык мекемеге жаткыруу жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырды», — деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Буга чейин №47 колонияга УКМКнын тергөө абагынан «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбек (Көлбаев) да «ден соолугуна байланыштуу» которулганы айтылган.

Алмазбек Атамбаевге байланыштуу иштер

Алмазбек Атамбев 2011-жылдан тарта алты жыл президент болуп турган. Кийинчерек «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Батукаев 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон. ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген. Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан.

2019-жылдын 30-ноябрында Жогорку сот Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти кайра кароого жөнөткөн. Жоошевдин айтымында, аталган иш Биринчи май райондук сотунун судьяларынын жаңы курамында каралат.