Токмокто Жапаровдун үгүт иш-чарасында админресурс колдонулду делген маалымат териштирилүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам тобу Токмок шаарында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт иш-чарасына жарандарды ташып келүү боюнча маалыматты териштире баштады. Бул иш боюнча маалымат ИИМ жана Башкы прокуратурага да жиберилди.

Жапаров Токмоктогу шайлоочулар менен 30-декабрда жолуккан.

Соцтармактардын колдонуусу Чолпон Сыдыкова 31-декабрда Жапаров Токмоктун тургундары менен жолугушуу учурунда административдик ресурс колдонгону тууралуу жазып чыккан.

Сегодня на площади г. Токмок состоялась встреча с кандидатом С.Жапаровым!Ну как на площади 🤦‍♀️,точнее перекрыли улицу и...

Опубликовано Чолпон Сыдыковой Среда, 30 декабря 2020 г.

«Эки район жана шаардын мектептеринин кызматкерлерин алып келишти — директорлордон мугалимдерге чейин, албетте шаардык билим берүү башкармалыгы жакшы иштеп берди. Аларды парад сыяктуу шариктер менен камсыздап, кубаныч жана бактылуулук образын жаратышкан. Ар бир айыл өкмөттөн беш кичи автобус эл ташылган, кээ бир айылдардан кишилерди минивендер менен алып келишти. Энергетиктер, мугалимдер, милиция — абада кресло жана портфелдерин сактап калууга умтулган аткаминерлердин кошоматчылыгы калкып турду», — деп жазган Сыдыкова.

Сыдыкова жарыялаган сүрөттөрдө Жапаровдун тарапташтары Төрөхан Жунусбеков жана Мелис Аспековду да көрүүгө болот. БШК 24-декабрда Аспеков спортчуларга 10 миң доллар берген делген видеосун иликтей баштап, ИИМге кайрылган.

Мындан кийин Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Боршайкомго кайрылып, Жунусбеков жана Аспеков талапкердин штабына тиешеси жок болгонун кабарлаган.

Анткен менен Жунусбеков жана Аспеков Жапаровду колдоону жана үгүт иш-чараларына катышууну улантып жатышат.

Ошондой эле Сыдыкова жолугушууда «Чемпион» каймана аты менен таанымал депутат Урмат Самаев болгонун да жазган. Буга чейин вице-спикер Аида Касымалиева Жапаровдун премьерликке талапкерлиги каралып жатканда Самаев депутаттарды жыйынга «коркутуп алып келип жатканын» билдирген. Бирок кийинчерээк Самаев бул маалыматты четке каккан.

Пост жарыялаган күнү Сыдыкованын үйүнө Токмок ШИИБинин беш кызматкери келген. Алардын бири — Алмазбек Мурзабеков аттуу милициянын лейтенанты фейсбуктагы пост боюнча келишкенин кабарлаган. Ал эми Сыдыкова милиция анын үйүнө Жаңы жыл күнү кече жуук келгенине нааразы болгон.

«Мен мугалимдерди, мектеп директорлорун, энерготармактын башчысын көрдүм. Эч нерсеге кол койбоймун. Эмне көрсөм ал тууралуу өз баракчамда ойлорумду бөлүштүм. Буга менин укугум бар, себеби биз демократиялуу мамлекетте жашайбыз, туурабы? Силер менден эмес, ошол жерде болгондордон түшүнүк кат алышыңар керек», — деп кайрылган Сыдыкова милиционерлерге.

Токмок ШИИБинин башка кызматкери алар Сыдыковага карата эмес, админресурс колдонуу фактысы боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын билдирген.

«Эжеке, бул биздин жумушубуз. Бул сизге карата иш эмес, биз бул факты боюнча текшеришибиз керек», — деп түшүндүргөн ал.

Бирок Сыдыкова укук коргоо органдарынын кызматкерлери майрам күнү анын тынчын алышканын айткан. Көп өтпөй милиция кызматкерлери Сыдыковадан кечирим сурап үйүнөн кетишкен.