Ош: Кара-Суунун мурдагы акими Тилек Матраимовго айып салынып бошотулду

Тилек Матраимов

Ош шаардык соту Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен күнөлүү деп таап, 220 миң сом айып салды. Аны менен катар Матраимовду үй камагына алуу өкүмү да жокко чыгарылды. Соттун өкүмү 2020-жылы 22-октябрда, дээрлик эки жарым ай мурда кабыл алынган. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Матраимов өткөн жылдын 6-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу өлкөдөн Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракет кылган. Ал бул кадамга парламенттик шайлоодон кийинки массалык толкундоолордон кийин барган.

Бирок ал коңшу өлкөнүн Анжиан облусуна караштуу Кургантепа районунда өзбекстандык чек арачылар тарабынан колго түшүп, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген. Матраимов алгач атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

31-октябрда Тилек Матраимов эки тараптуу пневмонияга чалдыкканы белгилүү болгон. Ал сегиз жыл Кара-Суу районун жетектеп, 16-октябрда кызматынан бошотулган.

Матраимовдордун кланы — кыргыз саясатчыларынан жана аткаминерлеринен турган таасирлүү үй-бүлө. Алардын эң улуусу депутат Искендер Матраимов өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке өтмөк.

Кландын дагы бир таасирлүү мүчөсү — бажы башчысынын мурдагы орун басары жана коррупция менен аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов.