Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды

Ош облустук соту Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Т-Медиа» басылмасы Жогорку сотко таянып кабарлады.

Буга чейин Ош шаардык соту Матраимовду 9-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизген болчу.

Тилек Матраимов парламенттик шайлоонун астында, 25-сентябрда, «ден соолугуна байланыштуу» өргүүгө чыккан. 4-октябрда өткөн парламанттик шайлоодо Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочулардын 24%га чукул добушун алып экинчи орунду алган.

Ал эми шайлоодон кийин, 5-октябрда, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапташтары митинг уюштурушуп, ал массалык толкундоолорго айланган. Буга шайлоо учурундагы добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу фактылары себеп болгон. Мындан улам Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Көп өтпөй Өзбекстандын чек арачылары Тилек Матраимовду кармаганын кабарлашкан — ал коңшу өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган. Ошондой эле, такталбаган маалымат боюнча, анын бир тууганы — бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов — Түркияга 5-октябрда учуп кеткен.

Кийинчерээк өзбек тарап Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берген.

Матраимовдор деген ким?

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдө эң таасирлүү кландардын бири. 2019-жылы майда «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбеков менен өлкө башчынын Матраимовдор менен «дос болгону» үчүн эле араздашып кеткен өңдүү. Атамбаев Жээнбековду бир нече жолу Матраимовдор менен байланышы бар деп айыптап, ал эми Райымбек Матраимовду «Райым-Миллион» деп атап жүргөн.