УКМК Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кармады

Мунарбек Сайпидинов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалганын кабарлады. Сайпидинов «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатат.

«Такталгандай, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды. Ошондой эле М. С. [Мунарбек Сайпидинов] айрым жооптуу адамдар менен биргеликте, көрсөтүлгөн объектти сапатсыз аткарылганына карабай пайдаланууга берген.», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

*Мамлекеттик сатып алуулар порталында Савай айыл өкмөтү 2016-жылдын сентябрь айында Савай айылына спорт зал курууга конкурс жарыялаганын көрүүгө болот. Конкурсту 5 млн 942 миң сомго «МК Партнер» ЖЧКсы утуп алган.

Мындан сыртркары, УКМК Ош шаарынын жана облусунун аймагында кылмыш жасоо максатында уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча тергөө жүргүзүүдө — Сайпидинов бул иш боюнча күбө катары суралган.

Сайпидинов — Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчылыгына 2016-жылы дайындалган. Ал бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл уулу.

Сайпидинов иш бөлмөсүнө өкүл атасынын сүрөтүн илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган. Мындан сырткары соцтармактын колдонуучулары Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Ошондой эле, Сайпидиновдун бул кадамы боюнча өкмөт аппараты тарабынан түзүлгөн атайын комиссия кызмат этикасына дал келбегендигине байланыштуу атайын эскертүү берген.

Замир Турганбаев

Парламенттик шайлоодон кийинки төнкөрүлүштөн кийин УКМК Сайпидиновдун жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевдин иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. Көп өтпөй Сайпидинов комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайырылып, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын билдирген. Ал эми Ташиев Сайпидиновду кабыл алгандан кийин, УКМК «саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбей» турганын билдирген.

Анын эртеси күнү Савай айылынын депутаттары Сайпидинов аларды коркутуп, басым жасаганына даттанышкан. Алардын айтымында, Сайпидинов айылдагы курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен мыйзамсыз акча бөлдүрүп жүргөн. Айыл өкмөт башчы бул айыптарды четке каккан.

УКМК буга чейин 6-январда Замир Турганбаевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп кармаган.

Кара-Суудагы атышуу

2020-жылдын февраль айында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу видео кайрылуу жасап, аны Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылыч Саркарбаев бутуна тапанча менен атканын билдирген. Окуя 2019-жылдын сентябрь айында болгон.

Рахманберди уулу ал ооруканага оор абалда түшкөндө Саркарбаев Мунарбек Сайпидинов менен келип, «арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын билдирген. Бул кайрылууга чейин Рахманберди уулу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан сабалган — алардын арасында Нурбек Раимбеков да бар, ал Сайпидиновдун бир тууганы.

Кылыч Саркарбаев

УКМК Саркарбаевди 21-декабрда кармаган — ал жасалма паспортту алууга шектелип, атайын кызматтын тергөө изоляторуна киргизилди. Буга чейин Сулайманов болгон Саркарбаев 2006-жылы «Тоноо» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилген.

Ошондой эле, УКМК Саркарбаев уюшкан кылымыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта экендигин маалымдаган. Мындан сырткары, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышып, эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер менен ок атышууга да аралашкан деп билдиришкен.