Сооронкулова: Каримова сотту утса дагы квалификациялык талаптар боюнча иштен алынышы керек

Клара Сооронкулова / Самара Каримова

Ырчы Самара Каримова 19-январда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директорлук кызматына киришкенин билдирди. Бирок жамаат аны дагы деле кабыл албай жатат. Анын башкы себеби Каримованын жогорку музыкалык билими жок деп айтышууда.

Каримованы аталган кызматка 2018-жылдын 24-октябрында маданият министринин милдетин аткарып турган, статс-катчы Бактыбек Секимов дайындаган. Ал «Клоопко» ошол учурда директорлорго карата белгилүү бир талаптар болгон эмес деп билдирген.

«Клооп» басылмасынын журналисттери кыргыз өкмөтүнүн сайтынан 2012-жылдын 10-январында кабыл алынган «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» №3 токтомду табышты. Бирок анда музыкалык окуу жайлардын директорлоруна квалификациялык талаптар каралган эмес болуп чыкты.

Анткен менен 2020-жылдын 29-майында ошол кезде премьер-министрдин м.а. Кубатбек Боронов «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» №278 токтомго кол койгон.

Токтомдун 12-тиркемесине ылайык, министрликке караштуу орто кесиптик окуу жайдын директору «маданият жана искусство» багытында жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек. Мындан сырткары, директор педагогикалык же жетекчилик кызматта кеминде 5 жыл иштеши керек.

Самара Каримова өзү жарыялаган маалыматка ылайык, ал 2017-жылы Ош агрардык-экономикалык институтун Агроэномика факультетинин бугалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин аяктаган. Ошол жылы Ош мамалекеттик юридикалык институтунда юриспруденция багыты боюнча сырттан окууга тапшырып, 2020-жылы бүтүргөн.

Ошондой эле ырчы 2019-жылдан азыркы күнгө чейин Жалал-Абаддын маданият техникумунда «Режиссура» адистиги боюнча сырттан билим алууда.

Бирок ал техникумду аяктаган учурда дагы бул жогорку билим катары саналбайт.

Каримованын айтымында, 2011-жылдан бери Ош улуттук драма театрынын актрисасы болуп эмгектенип келет — ырчы ошол жылы аталган театрдын директору Асан Мансуровго турмушка чыккан.

Ошондой эле Каримова 2013-2017-жылдары Ош облустук Элдик чыгармачылык борборунун директорунун орун басары жана 2016-жылдан тарта «Самара» театрашылган топтун жетекчиси болуп иштегенин айткан.

Ачык булактардан Ош облустук Элдик чыгармачылык борбору жөнүндө маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Ал эми ырчы той-маарекелерде ырдап жүрөт, аны «Самара» бийчилер тобу коштойт. Бирок театралдык топтун ишмердүүлүгү тууралуу да интернетте маалымат дээрлик жок.

«Каримова кызматтан кайра алынышы керек»

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылдын 17-декабрында Каримованын маданият министрлигине каршы доосун канааттандырган. Анкени сот отурумунда министрликтин өкүлү ырчы иштен мыйзамсыз алынганын моюндап, аны кызматка кайтарууга макул болушканын айткан.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Самара Каримованы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директорлук кызматына 14-январда кайтарган. Буйрукта ырчы 15-январдан тартып ишке кирише алары жазылган. Бирок бул учурда соттун чечими күчүнө кире элек болгон.

Каримованын дайындалганы тууралуу уккан жамаат каршылык билдирип, иш таштоого чейин барышарын билдиришкен. Маданият министрлиги 15-январда Бишкек шаардык сотуна райондук соттун чечимин даттанууга аргасыз болгон.

Министрлик судья эки жагдайга көңүл бурган эмес деп жатат. Биринчиси, министрликтин атынан сотко бир катар процесстик аракеттерди жасоого ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Экинчиси, Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин, кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган.

Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, кызматкер жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук менен таанышкан күндөн тартып 2 айдын ичинде сотко кайрылууга укуктуу. Башкача айтканда, доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Анткен менен Жогорку соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырчы Самара Каримова соттун бардык инстанцияларын утса дагы, ал кайра иштен алынышы керек деп эсептейт. Буга өкмөттүн квалификациялык талаптар боюнча токтому негиз болоорун айтат.

«Кадырбеков Каримованы сот менен эмес, өзүнүн буйругу менен дайындап койсо болмок. Бирок ошол [квалификациялык] талапка карап дайындай албай калды да [...] Ошол квалификациялык талапка карап, Каримованы бул кызматка коё албай, “андан көрө сот аркылуу чечели” деген», — деп божомолдоду Сооронкулова.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Баскынчылык». Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты Каримованын жетекчи болушуна нааразы

Маданият министрлиги сотто Каримованын мыйзамсыз иштен алынганын моюндаганбы?

Ырчы Самара Каримова ишке чыкты, бирок жамаат дагы деле каршы болууда